www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде бийликке көлдүктөр же Бакыт Төрөбаев сыяктуу бир убакта Камчыбек Ташиевдин Өзгөчө кырдаалдар министр ордун алгандар келген. Ширшовдун шопуру болуп жүрүп мукаратка жеткен көлдүк сылаңкороз министр Иманов, бийлик жүгүр десе жүгүрүп, күл десе күлгөн көлдүк министр Кулубаев, министрлер кабинетиндеги эки оштуктун биринин ордуна Атамбаевдин «любимчик» министри Касымалиев келишти. Андан соң маданият министрлигине экинчи жолу Максүтов жана башкалар келишти.
Акылбек Жапаров – министрлер кабинетинин төрагасы:
«Эл башчысы – эл тагдыры» - дейт, анын мойнунда гиперинфляцияны ооздуктоо, жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу, тышкы экспансияны токтотуу, тышкы саясатыбызда Орусия же Батыш тарабынан ѳгѳйлѳнʏп калбоо сыяктуу милдеттер турат. Жапаров, албетте, саясат менен ойноого келген жок, иштеп элге жакса, Кыргызстандын кадыр-баркы калыбына келет.
Биринчи орун басары Касымалиев Адылбек:
- Адылбек мырза нечен ирет министр, «замминистр» болуп жүрсө да элди ойлобой өз капчыгынын бийиктешин ойлогон кыраан. «Жоруга томого кийгизгендей» бул орунга келген Касымалиев бул ѳкмѳттʏн башкы саясий интриганы болуп калары бышык. Ал бул орунга да кʏчкѳ салып атып араӊ жетти. Арийне, Касымалиевке караганда калыстыкты айтсак эшек бизнесин көтөрүп жүргөн Кожошев «тѳѳлʏк» ѳйдѳ. Ал Оштон жалгыз Ажикеевди калтырып, «ЕЭК» министрлигине канатын сабалатып учуп кетти. Ал эми Касымалиевдин бул кадамы менен ал жаңы парламентке «көлдүктөрдү көбөйтүү» максатында келип, алар басымдуулук кылып эмки ѳкмѳт тʏзʏлгѳндѳ Акылбек Жапаровду оңколотуп, минкабды жетелемекчи.
Орунбасары, Эдил Байсалов:
Бул орун аялзаты үчүн жаралган эле. «Асыл – таштан, акыл - жаштан» - дейт, жаштык инерциясы менен иштѳѳ потенциалын оппозицияда жүрүп, түгөтүп алган Эдил Байсалов Убактылуу Өкмөттө өкмөттүн аппаратын жетектеген. Бийликке дүрбү салып Жээнбековго акелеп жатып Улуу Британиядан улуу көздөрү менен карап турган. Эдил Байсаловдун оозу орок орот, колунан иш келбей турат.
Орунбасары, Камчыбек Ташиев:
Акаевдин убагында Мисир Ашыркулов «доссекретарь» милдетин аткарып жети жылдан соң бийликке УКМКга келген. Азыркы «доссекретарлар» жети күн күттүбү, билбейм...
Орунбасары, Бакыт Төрөбаев:
2007-жылы «Ак Жол» партиясы парламентте 71 мандат менен келет. Үчүнчү парламенттин депутаты Камчыбек Ташиевди бир добуш менен Өзгөчө кырдаалдар министри кылып бекитет. 2009-жылы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Ташиевди жалаа аркылуу кызматынан четтетет. Ташиев эшикти тарс жаап чыгып кетет. Анын ордуна көп жылдары паарламентке депутат болуп келген Эргеш Төрөбаевдин «Ак Жол» партиясы менен парламентке келген уулу Бакыт Төрөбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындашат. Бакыт Төрөбаев министр катары өзүн-өзү көрсөтө алган жок, балким бийлик алмашып Убактылуу Өкмөт бийликке келип анын Бабановдун «Республика» партиясына баш калкалаганы себеп болгондур. Бакыт Төрөбаев 2010-жылы Бабановдун «Республика» партиясы менен парламентке келет. Ошондуктанбы, 2017-жылы ал президентке талапкер Бабановго өзүн-өзү өкмөт башчысы кылып дайындап алган. Бабанов жеңилип качып кеткен соң башын жерге салып Атамбаевдин алдына барып кечирим сураганын элдин бары көрүп турду. Өсө турган бала болгон соң Атамбаевден кечирим сурабай эле, унчукпай койсо болот эле да. Ушул жерден «кыйшык» басып алды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев:
«Мени эл тааныбайт, мен элди тааныбайм» -деген «көлдүк баатырлардын» бири Жээнбек Кулубаев азыркы көлдөштүрүү саясатынын туу чокусу. «Сокур ит аксак тʏлкʏдѳн ʏмʏт кылат» -дегендей Тажикстандан ʏмʏт кылып турган министрден эмнени кʏтсѳ болот? «Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер» - дейт, Жээнбек мырза орундугунда отура электе, ызы-чууда жүргөнүнө караганда, кара жолтой министр болуп калгандай. Кыргызды кимдер гана талап кетпеди. Совет убагында Глушичтен баштап Силаев, Танаев, Валерий Диль дегендер талкалап кете беришти. Жапаровдун заманында орустар өкмөткө кошулган жок, ордуна көлдүк «киргиздер» отуруп калышты.
Укук министри Аяз Баетов минтип айтат имиш:
- Укук министри болгонум менен адилеттүүлүгүм жок эмеспи, ошондуктан эл эмес, капчыгым өссө экен дейм!
- Менин деңгээлим ефрейтордой эле, бирок генералдарды бийлеген кызматка отурдум. Арийне, сырткы формам генерал болгону менен, ички мазмунум ефрейтор бойдон калды. –дейт андан соң көлдүк сарыбагыш Коргоо министри Бекболотов Бактыбек;
- Тышкы карыздарыбыз көп экен, быйыл да бюджет млрддаган сомдон ашуун тартыштык менен баратат, бирок биз атка минерлерге жеткизип жатабыз.- дейт финансы министри Бакетаев Алмаз. «Карышкырга кой кайтарткан» - ушул эмеспи, «Айранын ичкен кутулуп, челегин жалаган тутулат» - дегендей Бишкекти кыйратпаган Бакетаев өлкөнү оңдурабы?
Базарбаев Кудайберген – социалдык ѳнʏктʏрʏʏ министри: «Социалдык жактан өнүктүрүүгө муктаждар көп, ал эми капиталисттик жактан өнүккөндөр да жок эмес. Акчадан жардамды мурунку бийликтегилер өтө байларга бере турган, биз колунда жокторго беребиз»,-дейт. «Асанкайгы ойлонуп отургуча, тобокелчи маарага жетиптир» - дегендей, Жапаров ѳкмѳтʏндѳ бир иштесе Базарбаев тобокелге салып иштейт,себеби ал министр учурунда «Кумтѳр» экологиялык жактан талкаланып жатат деп, куугунтукка карабай «Центеррага» каршы добуш берген.
Иманын акчага арнаган көлдүк Иманов мамлекеттик кызматта иштебей туруп министрге келген. Өзүнүн эмгек жолу Ширшовдун «шопурунан», өзүнүн мурунку боссу Ширшовду көкөлөткөндөн башка иш деле келген. Жок. Бирок кыргыз коомчулугу Ширшовдун коррупциялык схемаларын аныктап, анын кармалышын талап кылган. Учурда Ширшов камакта иштери аныкталып жатат: Менин ордумдагылардыкы бир буту тамакта, бир буту камакта...- дейт сан министрине келген «Түшкө чейин Иман, түштөн кийин Иван» Иманов.
- «Кумтөр» алтын кенинен мен «грамм» да пайда көргөнүм жок. Пайда көрсөм «майнеке болоюн». -дейт тонналап пайда тапканга көнгөн экономика министри Данияр Амангелдиев.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков:
- Коррупция деген бар абайлагыла! - дейт жан-жагын карап.
Кезекти Билим жана илим министри Мамбетакунов Уланбек алып күпүлдөйт:
- Кимдин-кимдин заманы мына бизге окшогон үчүнчү революцияны уюштургандардын заманы.. Мен ректор да болуп көргөн эмесмин. Атамбаевге каршы күрөшкөнүм жок. Ал жерден кубалап түшсө болбой эле экинчи ирет министрге жеттим. Эл мага «2» деген баа коюшуп, бул орунга жарабайт дешет... Арийне, иштеп эле жүрөм.
- Анатомиялык белгилер менен айтканда менин өпкөм тубаса калдайып чоң. Географиялык-генетикалык шарт ошондой. Министр абалымда кекиртегим да «Безразмерный» чоюлуп баратат, андан тышкары албетте, кардым да акча каражаты үчүн көлөмдүү, - дейт Саламаттыкты сактоо министри Баатырова Гүлнара чыгып.
Жол, транспорт министри Текебаев Тилек:
- Жол киренин баасын көтөрүш керек!- деп министрликти алган соң күпүлдөп жатат. «Бир мунарга жете албай атып, бир мунарга бутун арткан» Ош-Бишкек жолун оӊдой албай жатып, Жалал-Абад – Казарман – Бишкек жолун курабыз Кытайга карызка батканбыз.Эми кайрадан кымбатчылык каптап жол киренин тарифи өссө, «Баягы, баягы, Баялынын аялы» эмеспи?
- Электрэнергиясынын тарифине өчүм бар, сөзсүз көтөрөм. –дейт Энергетика министри Ибраев Таалайбек.
Айыл чарба министри Аскар ЖАНЫБЕКОВ:
- Үй жаныбарларына паспорт алып койдук, Акылбек Жапаров мактап койсо курт-кумурскадан өйдө паспорттоштуруп койом.-дейт. Айыл чарбасы, кыргыз элинин кѳпчʏлʏгʏ жашаган элет жери «ѳгѳй эне кѳрʏнѳ барып кол кезейт» - дегендей, ѳгѳйлѳнʏп келатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек АЖИКЕЕВ:
- Кыргызстан сейсмологиялык аймак, биринчиден, жер титирөөлөрдөн дайыма сак болушубуз керек. Экинчиден, Ак үйдө болуп турган бийлик алмаштыргыч «жер титирөөлөрдөн» дайыма сак болушубуз керек. – дейт.
Маданият, маалымат жана туризм министри жалал-абаддык Максүтов Алтынбек:
- «Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти-этиме тийген жубайыма баркым жок» - деп бекер жеринен айтылбаса керек. Азамат мырзанын циркте баркы жок эле. Баркы жок министр «ѳлбѳ жаным ѳлбѳлѳп» кѳйнѳк жаӊыртып кийип турар. «Сары чымчык болоюн дейсиӊ, ар шакка коноюн дейсиӊ» - деп бекер жеринен айтылган эмес. Азамат мырза ким өкмөт болуп келсе деле «сары чымчык» болуп ѳкмѳттѳ даяр турган. Эми Алтынбек каякка оойт болду экен?
Экология министри Кутманова Динара, ким өкмөткө келсе жаңы министрлик ачыла берген мода болду, мурун Шыкмаматовго инвестиция министрлиги ачылды эле, эми Кутмановага экология министрлиги ачылды. Кутманова тогуз-торолук болгондуктан түштүктүк деп айтууга ооз барбайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg