www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков ИИМден жол боюндагы жарнамалык такталардан жылаңач кыздардын сүрөтүн алып коюуну суранды. Бул туруалуу ал бүгүн, 19-октябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү автоунаа жолдорунун боюна илинген жарнамаларды ИИМ көзөмөлдөй алабы деп сураган.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов ар бир такта макулдашылып илинерин айтты. Ал эми алты айда 94 жарнамалык такта алынганын белгиледи.
"Бир жолу шылтоо менен жылаңач кыздардын сүрөттөрүн кошо алып койгулачы. Ошондо ыйман-адепке дагы иштеп коёсуңар", — деп кайрылды Кадырбеков.
Мындан сырткары, унаада баратып түкүрүнгөндөрдү артынан кууп, издеп жүрүп жазалоого чакырды.
Ички иштер министринин орун басары көчөдө түкүргөндөргө 1000 сомдук айып пул каралганын эскертти.
Булак: NazarNews.kg