www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы облусунун коомчулугу менен жолугушууда январь окуясы тууралуу пикирин билдирди. Ал эч бир учурда "бандиттерди жана террористтерди" даңазалоого болбойт деп баса белгиледи.
"Бул трагедиядан сабак алуу керек жана эч бир учурда бандиттерди жана террористтерди даңктоого болбойт. Бул, тилекке каршы, мындай окуялардын кайталанышы менен коштолуп жатат. Кимдир бирөө муну чындап каалайт", - деди ал.
Токаев майда кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялаганын эске салды.
"Жеңил кылмыш жасагандарга мунапыс жарыяладым. Ал эми бандиттерди, канкорлорду, каракчыларды калканчка көтөрүүгө аракет кылгандардан коркуш керек, алар мыйзам чегинде жазасын алышы керек, анткени алар элибиздин түпкү кызыкчылыгынан алыс болгон өзүмчүл максаттарды көздөшөт", - деп кошумчалады президент.
"Мамлекетке чыккынчылык кылгандар, эки жүздүүлүк, коркоктук көрсөткөндөр жакында сот алдына чыгат. Каргашалуу окуяны жасаган же ага чагым салган адамдардын аракеттери боюнча тергөө иштери улантылат. Мыйзам жана тартип бизге трагедиялуу жана чындыгында мамлекетибиздин аброюна шек келтирген январь окуяларынын кайталанышына жол бербөөгө мүмкүндүк берет", - деди президент.
Булак: NazarNews.kg