www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-көрүнүш

Администратор:  ...канайым өзүнүн чачына өзү асылып өлүптүр, анткени, ал мүшөктө канча буудай болсо, деңизде канча тамчы болсо, асманда канча жылдыз болсо, толук санап бериптир.

Ушул тостту саякатчылар үчүн алып жиберели!

Шурик: - Саясатчылар үчүн! (алып жиберишет)

Администратор: Кандай тост болду? Эгер Өзбекстан жаңы Башмыйзамына «жер жеке менчикке да берилет» деген жобо киргизсе, анда айыл реформасына жол ачылабы?

Шурик: Туура суроо. Аны өзбек журналисттери да беришти. Менин пикиримде, бул маселеде Өзбекстанда түшүнбөстүк бар. Анткени, айыл реформасынын максаты айыл тургунун сөзсүз эле жердин жеке менчик ээси кылуу эмес.

Негизгиси аны кожоюн кылуу жана ага чарбачылыкка эркиндик берүү. Ал эми кожоюн болуш үчүн биздегидей жерге жеке менчик киргизсе да болот. Ошондой эле жерди айыл тургунуна 99 жылга ижарага берип, аны сатуу, алмаштыруу, күрөөгө коюу укуктары менен камсыздаса да болот.

Кыргызстандын калкы 7 миллион, Өзбекстандыкы 35 миллион. Калктын жыштыгы аларда биздикине салыштырмалуу кооптуу. Демек, алар жерге 99 жыл ижара институтун киргизсе эле жетиштүү.

Бул конституциялык жобо маселени принципиалдуу чечпейт. Башкы маселе – Өзбекстан чыныгы айыл реформасын жүргүзө алабы? Бул маселеде жеке менин күмөнүм чоң. Менимче, алар эски жолдон дагы ондогон жылдар бою чыга алышпайт.

 

«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты

ФБда сатиралык сериал

  • Шурик – Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын экс-вице-премьери;
  • Саахов –Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы;
  • Шопур –Туманбаев, Атамбаевдин шопур болгон Илмияновдун шопуру, Президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчиси;
  • Никулин  - Касымалиев, минкаб жетекчисинин 1 чи орунбасары;
  • Моргунов – Төрөбаев, минкаб жетекчисинин орунбасары;
  • Вицин –Эдил Байсалов, минкаб жетекчисинин орунбасары;
  • Нина – Гүлнара-Клара Самат, Орусиядагы элчи;
  • Отелди тейлөөчү –айыл чарба министри.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости