www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Үсөнбекович, сиз чыныда эле докладыңызда, жалпы отчётуңузда, баарын аралаштырып, адаштырып салдыңыз. Мындай пикирин депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2021-жылдын отчётун толук, системалуу айтышыңыз керек эле. Реалдуу сектор, ВВП, социалдык тармак, айыл чарбаны өз өзүнчө бөлүү керек болчу. Сизди билем, сандары каалагандай бийлете аласыз. Баарыбыздын башыбызды айлантып салдыңыз. Терикпеңиз, кесиптешибиз туура эле айтып жатат. 

Бүгүнкү күн тартибинде биринчи 2021-жылдын бюджети деп турат. 2022-2023-жылды кошуп салдыңыз. ККМ боюнча эле жарым саат сүйлөдүңүз. Баарын аралаштырып салганыңызды мойнуңузга алыңыз. Бүгүн бюджет кабыл алынсын десеңер жакшы маанайда баштагыла, ызы-чуу боло бербестен. Төрага сиз дагы жыйынды ирээти менен алып барыңыз", - деди депутат.

Буга төрага Шакиев жыйынды ирээти менен эле алып барып жатканын билдирди. 

Бүгүн жыйында 2021-жылга карата бюджеттин аткарылышы тууралуу, 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору жана 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралып жатат. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев өкмөттүн төрагасы Акылбек Жапаровдун докладын сынга алган. Анын айтымында 2021-жылдын бюджетинин аткарылышын карап жаткандан соң, 2020-жыл менен салыштыруунун кажети жок.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости