www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кызарган этке конгон чычкак чымындай» болушкандар» тили буруу, айыпталган Файзиев, айыпталган тажик Равшанбек Сабиров жана айыпталбаган миллионер Салымбеков шаар кургусу келишип талпынып жатышат. «Асман» шаары курула элек жатып, орду өзгөрүлүп башка жерге курулмай болду. Бийлик башы ысык көлдүк болсо эле, ошол тарапка шаар куруу бул туура эмес. Ушул шаарды курам деп манчыркап турган баткендик Равшанбек Сабиров андан көрө Баткен жакка шаар куруп элди кармап калса болмок, ал тарапта эл Чүй, Ысык-Көлдү көздөй оошуп, Равшанбек Сабировдун улутташтары улам бери жылып келатканы келечекте эмне болорун каңкуулайт. Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров саймедиреп жатат. Деги «Карышкырга кой кайтарткан жокпузбу?»
Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жыла турган болгон. Эми ойдогу бул шаар Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт. Кыргыз шаарын кургусу келген тажик Равшанбек Сабиров «Асман» шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон калат деп делөөрүп жатат. Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Сүйлөшүүлөр бүткүчө Равшанбек Сабировдун иши бүтүп калар бекен?
Бийлик Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап келатат. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Убакыт шаштырып өтүп жатат, жылыш жок.
20 млрд долларга курула турган кыргыздын «Асман» шаарын эмне үчүн Тимур Файзиев же тажик Равшан Сабиров жетектеши керек? Тимур Файзиев Аскар Салымбеков менен «Бизнес боюнча Кыргызстандын курама командасын» жетектейт. Асманды караган «Асман» шаары классикалык күрөштүн борборуна айланчудай. Бул долбоорду башында Равшан Сабиров алып баратып парламенттик шайлоого аттанган. 2021 жылдын 8- октябрында Мамлекеттик дирекция түзүлгөн. «Чү» дегенде эле атына тескери минген минкабдын жетекчисинин биринчи орунбасары «эшек бизнеси» боюнча дүйнөлүк алдыңкы катарга чыккан Кожошев ноябрда жандай сүйгөн Абай Алымкуловду алып келет. Бул жигит квартирасына арендалык акы төлөбөй атагы чыккан. Кожошев бул тежикти иштете албай Салымбековдун Тимур Файзиевин январдын башында алып келет.
Равшан Сабиров Би-Би-Сиге берген маегине караганда, аны кайрадан долбоордун координатору кылып дайындашкан. Ал жыйын өткөзгөн. Равшан Сабировдун айтымында Файзиевди минкабдын жетекчисинин биринчи орунбасары «эшек бизнеси» боюнча дүйнөлүк алдыңкы катарга чыккан Кожошев дайындаган. «Бул долбоорду ким жетектейт?» деген суроого, ал өзү координациялай турганын айтты, Файзиев эмне жумуш аткарат ким билет? Балким эшек бизнесин гүлдөтүүгө акча ташыгыч болуп иштер. 20 млрд долларлык «Асман» долбоорун ким жетектери белгисиз.
Бийликтин өзгөчө демдеринин бири коркуп-үркпөй эле кыскаруулар көбөйүп баратат. Арийне, 20 млрд долларга «Асман» шаарын курам деп талпынган Алмамбет Шыкмаматов Инвестиция боюнча министрлик ачтырып алган. Инвестиция керек, ал эми жакыр бюджетте турган Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө 20 млрд долларга шаардын кереги барбы? Инвестициялардын негизинде Нур-Султан шаары курулду. «Казга теңелем деп карганын буту сыныптыр» -дейт бизге салыштырмалуу «каз» сыяктуу Казакстан менен теңелишибиз керекпи? "Асман" шаарынын долбоорун Ысык-Көлдүн жээгинде ишке ашыруу үчүн башкаруучу компания түзүлгөн. Эолдлин акчасын ашагандан башка эч деле иш бүтүргөн жок. Ал керектүү документтерди даярдамак жана канча каражат жумшаларын эсептеп чыкмак. Бул тууралуу ошол кездегиинвестиция министри Шыкмаматовдун орун басары Нурадил Баясов теңирчилердин тиреги болгон Tengrinews.kz менен болгон маегинде билдирген. "Асман" шаарынын долбоорунун болжолдуу наркы $ 20 млрд. Анын айтымында, иштин активдүү фазасы былтыр эле жүргөн. Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер аныкталган. Аны инфраструктура жана энергия менен камсыздоо боюнча иштер жүргөн. Баясов түзүлүп жаткан башкаруучу компания буга чейин дүйнөлүк архитекторлор, курулуш жана долбоорлоо менен алектенген компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан. Чиновниктин айтымында, маалымат Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Түштүк -Чыгыш Азиядан, Түркиядан жана казакстандык инвесторлорго жөнөтүлгөн. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Буга чейин көптөгөн өлкөлөрдүн инвесторлору кызыгуусун билдиришкен. Азырынча олуттуу сүйлөшүүлөр боло элек. Бүгүнкү күндө ар бир инвестор белгилүү бир аймакты берүүгө даяр, ошондо алар шаарды курушу мүмкүн, бул жалпы түшүнүккө каршы келбейт, шаардын өзүнүн долбооруна каршы келбейт. 2022-жылга чейин биринчи келишимдер болмок. Баясовдун айтымында, казак ишкерлери, Ысык-Көлдөгү кыймылсыз мүлккө активдүү инвестиция салып жатышканын айткан, биок бул шаар эмгиче ордун да таба элек.
Эрксизден баш чайкайсың да. “Асман” шаарынын долбоорун жүзөгө ашыруу максатында жумушчу топ көчмө жыйын өткөрүп, чучук, карта жеп көгүлтүр көлдүн жээгине барып келишкен. Демилгечилердин айтымында, 700 миң калк жашай турган шаар курулуп, 200-300 миң киши иш менен камсыз болот экен. Долбоордун автору Руслан Акматалиевдин айтымында, шаар жомоктогудай эле болот.
Токио, Шанхай сыяктуу мегаполистер бул экологиялык “кыргыз кереметинин” чаңында калат окшобойбу! Мейли, романтик архитекторлорго, “бул шаар курулуп калса...” деп күмөнсүп жаткан Равшан Сабировго деле “макул” дейли. Шаар 100 пайыз инвесторлордун эсебинен курулат окшойт. Себеби, алар сырттан инвестор издеп жатканын шардана айтты.
Шаар курулушу дүңүнөн 20 млрд. АКШ долларына бааланууда. Баш-аягы 20 жылда бүткөн Нур-Султан шаарына Казакстан 50 млрд. АКШ долларын жумшаган. Анын 40 пайызы жергиликтүү ишканалар, компанияларга таандык болсо, 40 пайызы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, банктардан алынган насыялар жана сырттан келген инвестиция 20 пайыздын тегерегинде гана болгон.
Демек, колунда кокон тыйыны жок туруп, “20 млрд. АКШ долларына шаар курам” деп желпингендердин жели чыгат окшойт. А биздей жакыр өлкөгө кайсы мамлекет каражат берет? Өзүбүздө жумушсуздук, экономикалык кризис, пандемия, ар тарабың “мамайдын көрү”! Анан кайдагы асмандан кыялданасың, эй кемчонтой кыргыз? Эл кыйналып жатса. Ага кеткен акчага Баткен тарапты күчтөсөк дурус болмок.
Ысык-Көлгө "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет? Нурсултан Назарбаев "Кыргызстанда 30 жылда эчтеке салынган жок" деп балп эткени бар. Анан биз намыстанып, "Асман" деген шаар салабыз деп чыктык окшойт. Туура эмес түшүнгөнүбүз аз келгенсип, "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болдук. Мугалим менен врачтын айлыгын көқтөқрүмүш болуп, буларды сорттоп салдык. Жакшы врач, мугалим четке кетип жатат. Мектептерибиз контейнерден. Каражат жок, бюджет тартыш. Тышкы карыз кокодон. Армиябыздын ыштаны жок. Шаарды кой, оңгулуктуу туалет сала албайбыз анан биз мындай мамилебиз менен керемет көлүбүздү сазга айлантабыз окшойт.
Ысык-Көлдү мүмкүн болушунча сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Бишкектин экологиясын талкалап, эми көлдүкүн талкалайлыбы?! Кудай берген жаратылыштан башка колубузда ырыстуу деле эчтекебиз жок. Жеп-ичип, талкалап, бүлүндүрүп, тоноп бүткөнбүз. Колубуздагыны сактап, андан ары өнүктурүп алалычы асмандын башын сүйлөбөй. Бийлик, тезинен реалдуулук менен жакшы жетекчилерди дайындагылачы, сураныч.
Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды Аталган жыйын Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан.
Топтун курамына Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтейт. Ошондой эле пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдалат.Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет.
"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg