www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Вашингтонго катуу эскертүү берди

Орусия АКШга дипломатиялык мамилелерди толук токтотууга алып келе турган «кызыл сызык» тууралуу эскертти. Бул тууралуу РФ ТИМинин Түндүк Америка департаментинин директору Александр Дарчиев ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.

Дипломатка Москва менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатабы деген суроо берилди.

«Мен АКШ баштаган батыштыктар эл аралык укукта жана дипломатиялык практикада абсолюттук тыюуларды бузуп жаткан азыркы коогалаңдуу кырдаалда эмне мүмкүн, эмне мүмкүн эмес деген гипотетикалык талаш-тартыштарга киргим келбейт», - деди Дарчиев.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү АКШ Конгрессинде Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таануу боюнча мыйзам чыгаруу демилгесине реакция кылып, Вашингтон бул маселе боюнча эскертилгенин кошумчалады.

«Ушул контекстте мен азыр Конгрессте талкууланып жаткан Орусияны «терроризмдин демөөрчүсү» деп жарыялоо боюнча мыйзам чыгаруу демилгесин белгилегим келет. Эгер ал ишке ашса, бул Вашингтон эки тараптуу дипломатиялык мамилелерге олуттуу зыян келтирип, артка кайтпас чекке жетти дегенди билдирет. Америка тарапка эскертүү берилди», - деди ТИМ өкүлү.

Белгилей кетсек, Украина Орусия Федерациясын терроризмге демөөрчүлөрдүн тизмесине киргизүү чакырыгы менен АКШга кайрылган. Ушундай эле сунуштарды АКШнын конгрессинин бир катар мүчөлөрү да киргизишти. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова буга чейин бул демилгелерди «акылсыз чара» деп атаган. Дипломат АКШнын мындай кадамдары Орусия тарабынан жоопсуз калбай турганын эскертти.

АКШ Сенаты Орусияны террорчулардын демөөрчүлөрүнүн тизмесине киргизүү боюнча резолюция кабыл алып, Мамлекеттик департаментке жөнөттү. Бирок, ал милдеттүү эмес. Андан соң Өкүлдөр палатасы департаментке милдеттүү күчкө ээ боло турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга киришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости