www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арстан өлгөн соң аны мурунку өчү бар жандыктарды мындай койолу, мителер, курт-кумурскалардын тытмалап тиштешет. Ушунун сыңарындай арстан сымал падыша болуп турган Кыргызстандын президенти мансабынан буту тайыр менен, кечээ эле бутун жата калып өпкүлөп жаткан кошоматчылардан тартып кимдер гана жаман сөз айтпайт. Алар арстан болуп чамынып турганда сөз кайырып тургандар алардын чаңында эле калат. Колуна калем сап кармаган мурду бучук, көзү кыйшыктын бары кызматынан кеткен президентти сөгүп албайын жаны тынбайт. Мындай сөгөө турган доорду кыргыз жергесине Аскар Акаев алып келген.

Аскар Акаев оош-кыйыш мезгилде кыргыз жергесине президент болду, эң негизгиси бир чоң доор, килтейген социалисттик система алмашылып жаткан. Социалисттик мамлекеттерден НАТО, Еврошаркетке кошулуп кеткендер эптеп жанын багып кетишти. Ал эми тарпы чыккан СССР оңуп деле кеткен жок. Ельцин, Шушкевич  менен Кравчук эмне жөн эле жерден стакан кагыштырып, баш жазып СССРди тараткан жок да. Ошол мезгилде СССРдин жүрүшү токтоп, ордунан жылбай калган. Солженыцин, Жириновский сыяктуулар Борбор Азия менен Кавказ деген дарттар жабышып алган, буларды сокур ичегини кескендей кесип салып таштап кетпесе Орусия оңолбойт деп өкүргөндөн бакырып, кан ыйлап жатышкан. Ошол үчүн СССРди таратуу мезгили бышып жетилди, Ельцин, Шушкевич  менен Кравчук балким күйүттүнөн стакан кагыштыргандыр.

СССР тарап Ельцин чыккандан кийин артынан кошо чыгып ГКЧПга ыдык көрсөткөн Акаев башкаларга салыштырмалуу Орусияга жакындашканы ошондон. Андан толук бир жыл мурун Кыргыз ССРинин президенттигине шайланып, бирок компартия бийлик бербей кош бийлик жүргүзүп жаткан Кыргызстанда ГКЧПнын келип, Ельцин Орусиянын бөлүп кеткени майдай жакты. Компартияны онтотуп бийликти колго алды. Саясатчылардай оор басырык болбогон Акаев илимпоз катары жеңил адам болгон ошол үчүн эми Кыргызстанды Швейцария теңегиси келип, экинчи Швейцария кылууга чамынды. Эмне үчүн биз өзүбүз теңдүү мамлекеттерге жетпей жатып экинчи  Швейцария  болгубуз келди. Бул да кыял, болгондо да ишке ашпай калган жакшы кыял!

Аскар Акаев кабыл алган биринчи Конституция эл үчүн түзүлгөн накта мыйзамдар болгон. Ал мезгилде Союз тарап эл-журт ностальгияга батып жатканда ушундай Конституцияны кабыл алган туура болгон. Аскар Акаевич ушундай Конституция менен иштеп отуруп мөөнөтү келгенде кийинки адамга өткөзүп берип кетсе туура болмок. Бирок, бийликтин кызыгы Акаевдин канында ойной баштады, ошондуктан референдум жүргүзүп өз бийлигин чыңдап алды. Ал кезде 1994, 1997 жана 1998 жылдары референдумдар өтүп бул  Конституциянын тамтыгы чыкты. Аскар Акаевич «референдумчул президент» атка конду.

Акаевдин убагында сөз эркиндигине жол берилди. Мурун компартиянын убагында сүйлөмөк түгүл жөтөлгөнгө чама –чаркы келбей тургандар эми көрүнгөн жерде бакылдап сүйлөй баштады. Саясий ишмерлер түмөндөгөн партияларды түзүп, НПОлор биттей жыбырады. Ушул НПОлор Акаевдин кетишине чоң роль ойношту. Аксыда жети киши курман болгондо бир НПОчу: Жети эле киши өлүптүрбү, жети миң киши өлсө Акаевди шыпырып түшмөкпүз» деп айтканы алар эл үчүн күйбөй, бийликти гана ойлошорун билдирет.

СССР экономикалык жактан чырмалышып байланышып алгандыктан, Орусия Кыргызстандагы завод-фабрикаларга түкүрүп да койгон жок, бизде завод-фабрикалар калган жок. Булардын пайдасын темир кылып сатып Атамбаевге окшогон айлакерлер пайдасын көрдү.

Акаев Кыргызстанды аскердик блокторго катышуудан баш тартып, нейтралитет саясатын карманып, ага армия керек эместигин жарыялады. Жогорку Кеңештин жыйынына чыгып алып: «Биздин тынчтыкты  сүйгөн өлкөбүз  эч качан кошуналарга согуш ачпайт, айрыкча түштүк коңшубузга» -деп айткан. Эми элестетип көрөлү 10 900 жоокерден турган армиябызды, кыргыз армиясындагы  30 БРДМ-2, 400гө жакын БПМ жана БМД, 300дөн ашык БТРди дүйнөдөгү аскери эң көп эсептелген быкпырдай кайнаган Кытайга багыттасак кандай болмок? Алардын миллиондогон жоокерлерин тим койолу үч флотуунда эле канчалаган моряктар бар? Танкаларын, учактарын, ракеталарын эсептеген киши эсебинен жаңылат. Кокус биз согуш жарыяласак туткунга түшкөн миллиондогон жоокерлерин бага алат белек?

Тышкы саясатта Акаев мамлекеттер менен аймактиар ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө далалат кылгын. Улуу Жибек Жолун кайра калыбына келтирүүнү сунуштаган жана ядердик куралдан эркин Борбор Азия зонасын түзүүнү колдогон. Орусия менен достук мамилени кубаттоого умтулуу менен ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында бүткүл дүйнөлүк “терроризм менен күрөшүүнүн” алкагында АКШга аскер базасын жайгашуусун уруксат берген. Акаев Кыргызстанда бири-биринен бир нече эле километр алыстыкта жайгашкан аскердик эки америкалык жана орусиялык базаны киргизген.

Социалдык экономикалык мамилелерде Акаев рыноктук  реформаларды  атка камчы салгандай таскактаткан.  Алсак белгилүү реформатор Бекболот Талгарбеков айыл чарбасына батыл киришип мурунку СССРде жок, айыл чарбасында реформаларды жасаганы белгилүү. Анын мындай реформаларды ал кездеги партократтар тарабынан абдан сын көз менен кабыл алынып, чоң тоскоолдуктарга учураган.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости