www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8 март өтүп баратса да бир кездеги бирге отурган кесиптешим Канышай эске түштү. Канышайдын бир артыкчылыгы санжыра боюнчаны анча-мынча эркектерге моюн бербейт, чындгыгы чыгармачылык жагынан алдына киши салбайт. Канышай Мамыркулованын жазгандарын окуп жаш жигиттердин бары анын калемине эле ашык болуп калышчу. Ал эми аны теле берүүдөн көргөн соң канча кыргыз жигиттери Мажнун болуп талаалап кеткенинин эсеби жок. Муну миграция комитети эсептээр. Арийне, сулуугу менен ааламды багындыра турган кесиптешибиз, эң оор жолду тандап алды. Мурунку бийлик сулууну да, улууну да карамак эмес. Танк менен тебелеп кеткендей тебелеп кете бермек. Эркек сөрөйдүн бары аялдарынын дамбалдарына баштарын катып, же болбосо дыргаяктаган бойдон чет өлкөлөргө качып атканда, акыйкатты сүйлөгөн сулуу бийкечтин жазгандары маалыматта жаңырып турду. Атамбаев кулап, кандосу Жээнбеков ордун берген соң «баатырлар» жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап чыкты. Кайда эле ошол «баатырлар» алар бийликте турганда?
Бийликке каршы талбастан күрөшкөн «бир ууч» адамдын бири Канышай Мамыркулова. Муну бир заманда «Кыргыз Руху» гезити баалап, Канышайдын ар бир жазгандары үтүр, чекитине чейин окулуп, президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчиси Темирбаевдин бала бакчаны «секс» бакчага айлантканы эл оозунда дүң болуп калчу. Акыйкатты издеген эл Канышай Мамыркулованын жазгандарын окугусу келчү. Ал эми анын жазгандары таң атпай эле булбулдай таңшый баштоочу. Аны мурунку бийликтин жексурлары өчүргүсү келди. Бирок кыз Сайкалдай каарман жүрөк Канышай Мамыркулованын жазгандарын ким өчүрө алат? Эмне 2010-жылдын 7-апрелинде жаштар Путиндин акчасына көтөрүлүптүрбү? Эмне 2020-жылдын 5-октябрында баш көтөрүшкөн кыргыздарды Атамбаев көтөрүпбү? Жок! Жаштар өздөрү туу тутуп, ашык болгон Канышай Мамыркулованын жазгандары менен көтөрүлдү. Анын мукам добушу дал ошол күнү муңдуу чыгып, элди күрөшкө чакырып турду. Канышай Мамыркуловага ашык болгон далай жигиттер 2010-жылдын 7-апрелинде желдеттердин огуна учту. Арийне, Канышай Мамыркулованын жазгандарына ашык боло турган наристелер төрөлүп жатат. 2020-жылдын 5-октябрында Канышай Мамыркуловага ашык болгон далай жигиттер тикесинен -тик турушту. Ырас курмандыктар дээрлик болгон жок. Автоматтай тытырап Канышай Мамыркулова жаза берди, жаза берди. Кызыгы акыркы мезгилдерде көпчүлүк анын жазгандарын таппай калды. Же кээ бир кесиптештерине окшоп кызмат даража алып, оозун бекем тумчулап алганбы? Каяктасың Канышай бийкеч? Күкүк?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg