www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна кирүүсүнө макулдук берди. Тиешелүү документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
«Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу үчүн Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандум бекитилсин», - деп жазылат жарлыкта.
Президент республиканын Тышкы иштер министрлигине бул меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Өзбекстан тарабынан аткарылганы жөнүндө ШКУнун Катчылыгына билдирүү жөнөтүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, 2022-жылы сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинде Иран ШКУга мүчө-мамлекеттин статусун алуу боюнча милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон. Андан соң 2022-жылдын ноябрында жана 2023-жылдын январында өлкөнүн парламенти Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирүүсү боюнча мыйзам долбоорун жана Ирандын ШКУга мүчө мамлекет катары милдеттенмелери жөнүндө меморандум жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Эми ШКУнун процедураларына ылайык, меморандумду уюмга мүчө өлкөлөр бекитиши керек.
2001-жылы түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.
Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу өлкө статусуна ээ болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш өлкөлөр. 2021-жылы Дүйшөмбүдө өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Арабияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.
Булак: NazarNews.kg