www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министрлигинин кадырын кетирип, ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрө баштады. Билим жана илим министрлиги менен чырлашып жаткан «Ай-Кью» билим берүү комплекси өз максатына жетти. Аталган окуу комплексинин аттестат алалбай жаткан 84 бүтүрүүчүсүнүн үнү президентке жетип, өлкө башчысынын кийлигишүүсү менен кечээ аттестат берилди. Ошентип, Каныбек Иманалиев Билим берүү жана илим министрлигин мыш кылды. Дегенибиз, өздөрү айтып келгендей, "Ай-Кью" окуу комплексинин 84 окуучуну мөөнөтүнөн мурда ыкчам шашылыш бүтүрүү боюнча мыйзамга ылайык келбеген акчага байланышкан күмөндүү ишмердүүлүгү тууралуу президентке туура түшүндүрүп, аталган окуу жайдын директоруна мыйзамдуу чара көрүшү милдет болчу. Анте алган жок. 

Демек, күнөө министрликте экен да. Андай болгон соң, окуучуларды, ата-энелерди кыйнап, алардын пикирин укпай текеберленип, сүйлөшпөй, тоготпой качканы үчүн, өз ишине шалаакы, жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы үчүн жооп бериши керек. 

Билим берүү жана илим министрлиги култуңдап интрига кылган саясий оюн талаасы эмес. Негизи, Иманалиев тили сайрап, кооз сүйлөгөн менен иш жүзүндө колунан эч нерсе келбеген мажүрөө эле байкуш экенин "Ай-Кью" чырынын алкагында айгинеледи. Министрликтин беделине сокку урду. Кадырын кетирип, ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрдү. Андыктан, арыз жазып, кечирим сурап кызматын тапшырып кетип калганы оң болмок.

Аскар Акаевдин доорунан бери аттан түшсө да, ээрден түшпөй келе жаткан Каныбек Иманалиев деген аткаминер бар. Жеңден кончко куюлган жагынан алдына эч кимди чыгарбаган өнөрдү мыкты өздөштүргөн. Мына ушул кайран эргул жакындан бери өзүн "Билим берүү министри болсо кыйратмак, укмуш болмок, оо-уу гүлдөтмөк" дедиртип жасалма пиарды дүңүлдөтүп, куру челекти катуу калдыратып министр болгон.  

Анысына деле мейли, бирок кызмат, мансап дегенде таза эле бетти сыйрып салып, жумурга чейин кирип кетпей, арыдан-бери болуш керек да. Эки жүздүүлүктүн, хамелеон болгондун дагы чеги бар го. Дегенибиз, мына кечээ эле Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды алганда, чамасына карабай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, президенттикке ат салышып, Садыр Жапаровду акылынын жетишинче какшыктап, келеке кылып сындаган. 

Тактап айтканда, Иманалиев ошол кезде 24-ноябрда пресс-конференция берип: “Урматтуу Ысык-Көлдүн калкы, аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби. 2 жыл губернатор болуп иштесин, өссүн-өнсүн, андан кийин премьер-министр болсун. Анан даяр болуп келсин. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Ал жалаң фейктерди угуп калды” – деп билдирген. 

Ошондой эле, Дене тарбия институтун сырттан окуп бүтүргөнүн айтып, ушул кантип президент болот деп сыпаттап: “Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан Түркмөнстанга айланат деп жаңылды. Эгер Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан экинчи Афганистан болот. Анткени, ал күч колдонуп, бийликке умтулуп жатат. Биз буга жол бербейбиз” – деп шыбаган.

Мына эми болсо, өзү айтып туруп, өзү кол чаап, жүгүнүп туруп элчи болуп кеткен Өмүрбек Текебаевден ашып түшүп, абийир, мораль дегенди жыйыштырып коюп, Билим берүү министри болот элем деп көрүнгөнгө мактатып жулунуп жүрчү. «Кой, тизгиниңди тарт. Кескелдириктей куйругуңду кесип таштап, же жыланча териңди алмаштырып, мансап дегенде эт-бетиңен кеткенди токтот деп акыл айтчулар чыгаар бекен?» -деген эч ким болбоду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости