www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органы социалдык баракчасына жазды.

Кара-Суу районун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында социалдык дүкөн ачылды - Sputnik Кыргызстан

Айыл өкмөт башчы Майрамбек Тентимишов демилгелеп, социалдык дүкөнгө азык-түлүктөр айыл өкмөттүн бюджетинен алынып коюлганы айтылды. Социалдык жактан аз камсыз болгон жарандар, азык-түлүккө муктаж болгон айыл тургундары бул жерге келип акысыз алып кетсе болот.

Жергиликтүү бийлик кайрымдуулук кылууну каалаган жарандарды дүкөнгө керектелүүчү азык-түлүктөрдү сатып алып берүүгө чакырды. Мындан ары алардын жардамы менен текчелер толукталып турмакчы.

Мындай дүкөндү ачуунун максаты социалдык жактан аз камсыз болгон адамдарды азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.

Айыл өкмөт башчы Майрамбек Тентимишов демилгелеп, социалдык дүкөнгө азык-түлүктөр айыл өкмөттүн бюджетинен алынып коюлганы айтылды - Sputnik Кыргызстан

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости