www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министри Максүтов «алтын» тапса кимге берет? Албетте, Каныбек Имналиевке. Атамбаевдин заманында Камила Талиева министр кезинде Ак үйгө өкүрүп барып, жандап өкүрүп баргандары министр кылып чоңойткон Алтынбек Максүтовду ким колдойт? Ал экинчи жолу маданият министрлигин штурмалап жатып, колуна бийлик тийген. Максүтовду биринчи жолу министр болгондо, ал кездеги «Ар -Намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жата калып колдогон. Эми экөө тең министр.  

Аскар Акаевдин доорунан бери аттан түшсө да, ээрден түшпөй келе жаткан Каныбек Иманалиев деген аткаминер бар. Жеңден кончко куюлган жагынан алдына эч кимди чыгарбаган өнөрдү мыкты өздөштүргөн. Мына ушул кайран эргул жакындан бери өзүн "Билим берүү министри болсо кыйратмак, укмуш болмок, оо-уу гүлдөтмөк" дедиртип жасалма пиарды дүңүлдөтүп, куру челекти катуу калдыратып министр болгон.  

Анысына деле мейли, бирок кызмат, мансап дегенде таза эле бетти сыйрып салып, жумурга чейин кирип кетпей, арыдан-бери болуш керек да. Эки жүздүүлүктүн, хамелеон болгондун дагы чеги бар го. Дегенибиз, мына кечээ эле Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды алганда, чамасына карабай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, президенттикке ат салышып, Садыр Жапаровду акылынын жетишинче какшыктап, келеке кылып сындаган. 

Тактап айтканда, Иманалиев ошол кезде 24-ноябрда пресс-конференция берип: “Урматтуу Ысык-Көлдүн калкы, аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби. 2 жыл губернатор болуп иштесин, өссүн-өнсүн, андан кийин премьер-министр болсун. Анан даяр болуп келсин. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Ал жалаң фейктерди угуп калды” – деп билдирген. 

Ошондой эле, Дене тарбия институтун сырттан окуп бүтүргөнүн айтып, ушул кантип президент болот деп сыпаттап: “Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан Түркмөнстанга айланат деп жаңылды. Эгер Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан экинчи Афганистан болот. Анткени, ал күч колдонуп, бийликке умтулуп жатат. Биз буга жол бербейбиз” – деп шыбаган.

Мына эми болсо, өзү айтып туруп, өзү кол чаап, жүгүнүп туруп элчи болуп кеткен Өмүрбек Текебаевден ашып түшүп, абийир, мораль дегенди жыйыштырып коюп, Билим берүү министри болот элем деп көрүнгөнгө мактатып жулунуп жүрчү. «Кой, тизгиниңди тарт. Кескелдириктей куйругуңду кесип таштап, же жыланча териңди алмаштырып, мансап дегенде эт-бетиңен кеткенди токтот деп акыл айтчулар чыгаар бекен?» -деген эч ким болбоду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости