www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында февраль айында жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда алгачкы үйлөрдүн пайдубалы түптөлдү. Кахраманмараш провинциясында өткөн салтанатка Түркиянын президенти Тайип Эрдоган катышканын ТРТ телеканалы билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, «мындай чоң кырсыктан 45 күндөн кийин жаңы үйлөрдү кура баштаган дүйнөдө бир дагы мамлекет жок».

Эрдоган Кахраманмарашта алгачкы этапта 18 миңден ашуун үй куруу пландалып жатканын белгиледи. Буга чейин президент жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймактарга жалпысынан 650 миң имарат курула турганын билдирген. Негизги иштер бир жылдын ичинде бүтөрү күтүлүүдө.

Өткөн аптада Түркияда февраль айындагы катуу жер титирөөлөрдүн жалпы зыяны 105 миллиард доллардан ашканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости