www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш ушул жылы кабыл алган тышкы миграция боюнча чет өлкөлүктөргө инвестициялык виза берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. 

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев жана Элвира Сурабалдиева тарабынан демилгеленген мыйзамга ылайык, чет элдик инвестор төмөнкү учурда инвестициялык виза ала алат:

– Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес акчалай салым кошсо 5 жылга;

– Эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына кеминде 20 миллион сомго барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарга салым кошкон болсо 10 жылга... 

Инвестор өлкөнүн экономикасына чет элдик валютада инвестиция алып келүүгө укуктуу...

Дүйнө өлкөлөрү инвестициялык климатты жакшыртып, инвесторлорду тартуу үчүн ар кандай жеңилдиктерди, ыңгайлуулуктарды түзгөнгө аракет кылышат. 

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон чет өлкө жарандарынын инвестициялык визаларды алуусу боюнча мыйзам долбоору да дал ушундай максатта кабыл алынгандыгы түшүнүктүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости