www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элге тамчылатып акча берген финансы министри Алмаз Бакетаевдин айлыгы 42 миң сомдун тегерегинде экен. Бул эл үчүн көп болгону менен,министрлер үчүн кепек. Айлыгыбыз аз деп министрлер чогулуп алып пикетке чыкмак беле. Бирок 42 миң сом айлык алган министрдин креслосу башкалар көз арткан эң барктуу кызмат. Балким алардын жембаштык менен «левый» жактан кимдир бирөөлөр азыктандырыпжаткандыр. Ошентсе да 42 миң сом айлык алган байкуш министрлерди Атамбаев депутаттарды ээрчитип алып саатына эки кишиге 20 миң сом төлөй турган саунага бар деп кыйнай берчү. Эки саат түшсө айлыгы кетип атпайбы. Анан үй-бүлөсүн кантип багат?
Чет мамлекетте министрлер велосипед тээп эле жүрүшөт. Кыргыз министри 42 миң сом айлык алса да жөнөкөй машинага түшкөндөн уялышат. Айланып келип эле аз айлык алган министрдин жашоосунун жандырмагы коррупцияда болуп жатпайбы. Эмне үчүн Жээнбековдук бийлик министрлердин айлык акысын көбөйткөнгө кызыккан жок? Мунун мааниси тереңде. Министрлердин өздөрү деле айлык акысы бар, жок экенин билбейт болуш керек. Анткени министрлер эки жол менен акча табышчу. Биринчи жол мыйзамдуу : сыйлык, материалдык жардам, өзүнүн жана жакындарынын бизнеси жана башка ыкма менен. Экинчи жолу мыйзамсыз: көмүскө акча каражаты, пара (взятка), коррупция: тааныштарын кызматка коюп, тааныштарынын бизнесин калкалап, кол алдындагыларга рэкеттик кылып жана башка толгон-токой ыкмалар бар.
Мисалы, баягы эле Жапаровду алалы, ал көп ирет 42 миң айлыгы бар министр кызматын ээлеген. Кудайдын куттуу күнү ресторанга эки-үч ирет барып миң евродон тамак ичет. 42 миң айлык алган жөнөкөй кызматкер ресторан эмес үй-бүлөсүн бага албай жүдөп жүрөт. Андан тышкары министр болгон соң миңдеген жылкыны Чүй, Теңир-Тоого бактырып, паспорт алып бергенге жетише албай, апрель революциясынан соң биринчи жолу «Багы жокко дагы жок-деп, ую кысыр калыптыр»-дегендей жылкысынын барын криминалдар, карапайым элдер талап алышыптыр.
Андан соң кайра ошол жылкысын ордуна келтирем деп кайрадан министр болуп келбедиби. Парадокс: 42 миң сом айлык алган адам миңдеген жылкыны каяктан сатып алат? Миллион долларлык ишкана, комбинаттарды Жапаровго атасы мураска калтырып кеткен жок да. Ал эми ЦУМдун ылдый жагында, Бишкектин борборунда көп кабаттуу элита үйдү 42 миң сом алган байкуш министр кайсы акчасына куруп жатат болду экен? Ал Акаевди, «Ак Жолду» шайлаган шайлоолордо, кийин «Ар-Намысты» шайлаганда миллиондорду кайдан таап атат?
Атамбаев чынында чиновник,министрлердин айлыгын көтөрбөгөнү бул аларга салынган тузак болчу. Ал тузакка чалынган, булганып бүткөн, «Ач тоюнат, сук тойбойт»-дегендей топук кылбаган ач көз: Акылбек Жапаров сыяктуулар Атамбаевдин баткагынан чыга алышпай жүрө бермек. Бирок Жапаров келгени үчүнчү ирет финансы министри кылып, андан ары минкабды жетектетип койду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg