www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев менен Шайлообек Атазов айтыша кетти.
Маматалиев Жогорку Кеңеш башка бир нукка түшүп алды, күндө шоу, күндө "скандал" деген пикирин билдирди. Анын айтымында, элдер Жогорку Кеңештин жыйындарын "шоу башталты, "Дом-2" башталды", деп айтып калышты. Ал күндүн акырында жеке маселерди жабык эшик артында кароону сунуштады.
Анын пикирине Атазов жооп берди.
"Биз ишкерлердин, элдин укугун коргогону үчүн суракка чакырылып жатабыз. Муну шоу деп аларга жактоочу болбогула. Адвокат болуштун да чеги болот", - деди Атазов.
Депутат Маматалиев кесиптеши аны туура эмес түшүнүп алгынын билдирди.
"Мен Баш мыйзамга каршы иш кылып жатышкандыктан шоу деп айтып жатам. Мыйзам бузулуп жатса шоу дейбиз да", - деди Маматалиев.
Акырында Атазов кесиптешин туура эмес түшүнүп алгынын моюнга алды.
Эскерте кетсек, кечээ 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Буга чейин аталган эки депутат прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.
Бүгүн, 1-декабрда Атазов менен Токторбаев парламент жыйынында Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча комментарий беришкен.
Булак: NazarNews.kg