www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август жел аргысы согуп атка минерлер кыймылдай баштады. Маңызы минкабдын жетекчилигин алыш керек болгон триумф башталды. Көккө учууну көздөгөн Дамира Ниязалиева, Алтынай Өмүрбекова сыяктуу вице-премьерлер өткөн. Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына бата бергенден бери иштемиш болуп жүрөт.  Албетте,  “Өнүгүү-Прогресс” партиясын садага чаап, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына адашып келип, лидерлигине жеткен. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясын  мындан көп жыл мурун эле Бакыт Төрөбаев «атасы» балдарын чанган атадай чанып кеткен. Бул партия акыркы жылдары өздөрүнүн партиясынын атынан дыйкандарга, фермерлерге тракторлорду берип, жардам көргөзүп келатканын ММК булактары аркылуу жарыя кылып жүрүшчү. Албетте, жардам бергендери жакшы, бирок ал жардамдар жана жарнамага кетип аткан каражаттар кайсыл булактан келип атат?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Чүй облусунун калкы менен жолугушууларын улантууда. Алардын Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Эки райондун жашоочулары тарабынан жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин бөлүү боюнча жана социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлүү маселелер айтылып, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар орун алды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жер тилкелерин трансформациялоо жана жер тилкелерин бөлүү маселеси боюнча арыздардын санын эске алуу менен жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушу тийиш: «Жергиликтүү өз адынча башкаруу органдары карапайым жарандар тарабынан көтөрүлүп жаткан жер тилкелерин трансформациялоо жана бөлүү маселесине тийиштүү маселелерди ыкчам чечүүсү зарыл. Тургундар жергиликтүү бийлик органдарынын ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек», - деди ал.

Бакыт Төрөбаевдин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болушуна элдин пикири кандай? Эми Кыргызстанда жалпы эл колдой турган таасирдүү лидер деле жок. Бакыт Төрөбаевди антип айтканга деле болбойт. Бирок, кыргыз эли уучубуз кур эмес. Өсүп келе жаткан кыйын жаштар бар дегендей. Бакыт Төрөбаевди деле ушундайлардын бири деп билсе болот. Негизи Бакыт Төрөбаевдин түштүктө салмагы жакшы эле окшойт. Ал эми республикалык деңгээлге чыгышы үчүн түндүктө да кадыр-баркы болуш керек. Бакыт мырзанын саясий ишмердүүлүгү буйтама, ойкуп-кайкып кетет. Анын өзүнө жараша колдоочулары бар. Эми кандай иштейт алдын ала айтуу кыйын. Ошондуктан барын иш көрсөтөт деп айтса болот. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын мүчөсүн азырынча  бийлик колдойт. Балким «Өлбө жаным өлбө» деп май-талкандан ашап жүрө берер. Кыргызстанда өзүн лидер эсептеген саясатчылар көп эле. Бакыт Төрөбаев деле ошолордун бири. Аны башкалардан өзгөчөлөнгөн лидер деп айтуу мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаев бул жерге келгенден бери иштемиш болуп жүрөт. Бакыт Төрөбаев доллардын баасы түшкөндөн кийин, кандай товар болбосун, баасы өз ордуна келиши керек экенин белгилеп, бул ишти көзөмөлгө ала турганын билдирген. Төрөбаевдин - доллардын курсунун кайра түшүп жатканына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын көтөрүлгөн баасын кайра төмөндөтүү үчүн эч чара деле көргөн жок. Төрөбаевдин айтуусунда, Кыргызстан учурда Кытай жана Өзбекстан мамлекеттери менен реэкспортко өзгөчө маани бериши керек. Андан тышкары Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга келип жаткан IT-адистерине да шарт түзүлөөрүн айткан. Орусиядан IT-адистеринин көп келип жатканына байланыштуу 30 күндүн ичинде каттоого туруу мөөнөтүн узартууну сунуштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости