www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев “душман өлкөлөр Орусияны КМШдагы достору менен уруштура албайт” деп билдирди.
Дмитрий Медведев өзүнүн ВКонтакте баракчасына РИА Новостиге берген интервьюсунун үзүндүлөрүн жарыялады.
"Жакында сиздин социалдык тармактагы аккаунтуңуз да хакердик чабуулга кабылды. Мурдагы СССРдин республикаларына каршы кескин чабуулдарды камтыган билдирүү жарыяланды. Буга кантип каршы туруу керек?", - деген суроо берилген саясатчыга.
"Мындай хакерлик чабуул биринчи жолу болуп жаткан жок. Убагында мен премьер-министр болуп турганда да ушундай чабуулдар менен күрөшүүгө туура келген. Бул биз айтып өткөн маалыматтык согуштун бир көрүнүшү. Мен дагы бир жолу тастыктай алам: социалдык тармактын администрациясы жана компетенттүү кызматтар өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Кылмышкерлер жазасыз калбайт", - деп жооп берди Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Медведевдин айтымында, «ЖККУдагы, ЕАЭБдеги же ШКУдагы өнөктөштөрдү кагылыштырууга кызыкдар душман өлкөлөр жана саясатчылар көп».
"Бул биздин эрежелерге кирбейт жана биздин моралдык принциптерге туура келбейт. Биз досторубуз менен түз жана ачык сүйлөшөбүз, эки ача пикир жок. Душман күчтөр бизди уруштура албайт. Биз официалдуу декларациялар боюнча гана эмес, ошондой эле иш боюнча, биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин таламдарына тиешелүү болгон күнүмдүк маселелерди чечүүдө союздашбыз. Мындан ары да ушундай болот", - деп жыйынтыктады орусиялык саясатчы.
Буга чейин интернет желесинде Дмитрий Медведевдин ВКонтактедеги баракчасына жазылган скриншоттор пайда болгон.
Скриншоттордо "Казакстан – жасалма мамлекеттик түзүлүш" деп, ал эми бирдиктүү Грузия 19-кылымдын башында Орусия басып алганга чейин болгон эмес", - деп жазылган.
Булак: NazarNews.kg