www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Гоблин" каймана аты менен белгилүү блогер Дмитрий Пучковду YouTube видеохостингиндеги каналы өчүрүлгөндөн кийин аны колдоп чыкты.
Дмитрий Медведев ошондой эле бул кадамдары үчүн "өч алууну" убада берди.
"Күтө туруңуз, адашым! Биз сиз үчүн өч алабыз", - деп жазып, көз кыскан быйтыкча калтырган РФнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Вконтактедеги блогердин баракчасына.
Эске салсак, бейшемби күнү, 4-августта Дмитрий Пучков өзү YouTube каналын алып салганын билдирген. Блогер YouTube'дун "коомчулук эрежелерин" бузгандыгы аныкталгандан кийин канал өчүрүлгөнү тууралуу видеохостингдин скриншотун жарыялаган.
Ал эми кырдаалга комментарий берип жатып, Дмитрий Пучков сотко кайрылууга эч кандай негиз көрбөй турганын, ошондой эле каналды жабуунун себептерин билбестигин айткан.
Булак: NazarNews.kg