www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Глостершир графтыгында жайгашкан Темза дарыясынын булагы соолуп, 8 км ылдый карай жылып кеткенин The Guardian британиялык The Rivers Trust кайрымдуулук уюмунун эксперти Роб Коллинзге таянып жазды.

"Узакка созулган кургак аба ырайынан кийин, Глостерширдеги Темза дарыясынын булагы соолуп калды жана алсыз агым 5 милядан ашык ылдыйда араң көрүнүүдө", - деди Коллинз.

Ал ошондой эле, климаттын өзгөрүшү кургакчылык мезгилинин тез-тез болушуна алып келерин эскертти.

Буга кошо, суунун жетишсиздиги суудагы жандыктарды кыйроосу мүмкүн экенин кошумчалады.

Темза узундугу дээрлик 350 км жана Улуу Британиядагы Севернден кийинки экинчи узун дарыя. Ал Англиянын батышындагы Глостершир графтыгынан башталып, сегиз округдун, ошондой эле Лондондун аймагы аркылуу агып, Түндүк деңизге куят.

Июль айында Европа өлкөлөрүндө рекорддук ысык температура белгиленген. Ошентип, 19-июлда Улуу Британияда өлчөө тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч катталды: борбордун Хитроу аэропортунун аймагында 40,2 градус Цельсийди түздү. Мындай аба ырайы бир катар өлкөлөрдө өрт чыгып, суу сактагычтардын кургап кетишине алып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости