www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевди бийлик мойнун толгоп Оргалчага ордун алып бергиси келген. Бирок Акаев жөн жатмак беле, бийлигин уруп ойнобой сот аркылуу чындыкты тактап Оргалчаны парламенттен «оптом» жоготту. Оргалча жөн жүрмөк беле бийликтин этегине жабышып, Түштүк тарапта бизнесин чыңдап жаткан учуру. Кара-Суу базарын айрымдар президенттин атын сатып басып алган жатыптыр. Бул жерде Оргалчанын көлөкөсү жокпу? Оргалча басып алгандан айланабы, бирок бийликке жамынып базардын бир ыптасын алып койушу мүмкүн.

Акаевге келсек, Жогорку Кеңештин депутаттары учурда жайкы эс алууда жүрүшөт. Бири көлдө, бири тоодо, бири чет өлкөдө дегендей, ар кимиси ар кайсы тарапта көңүл черин жазышууда. Быйылкы эс алууну эл өкүлү Жанар Акаев Кыргызстандын керемет тоолорун кыдыруу менен өткөрүп жатканын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бөлүшүп жатат. Өткөндө өзүнүн кичи мекени Алайдын көз жооосун алган жайлоосунда жүрдү эле, эми болсо Аксынын айтылуу Кара-Камыш Сары-Челек көлүндө жүргөнүн жазды.  

Бул тууралуу: "Жөө беш-алты саат басам дегендер үчүн. Анан кооз жаратылышыбызга суктанып, муздак сууга түшүп, таза абадан терең-терең дем алам дегендер үчүн. Аксыдагы Кара-Камыш көлүнөн Ийри-Көл, Сары-Челекке жөө сапар. Жолдо АКШ, Норвегия, Нидерландия, Франциядан келген туристтерге учурадык. Алар атчан кыдырып жүрүшөт. Жергиликтүү балдар аттарын берип, турист тосуп, тыйын таап жатышат. Өзүбүздүн керемет жерибиз эч бир жерге салыштыргыс чынында", - деп билдирди.

Арийне, Жанар жалгыз эмес. Жанында "Альянс" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бар. Экөө ээрчишип ээн тоодо, көздөн далдоо жетелешип калганында чоң сыр бардай.Сыягы, күзгү саясий кырдаалга сарэсеп салышып, кенен талкуу кылышып, келечек план түзүп, тандемдешип жүрүшкөндөй. Ансыз деле экөө бир кайыкта дечи, ошентсе дагы, 25 жыл дос болгондор эки айрылышып кас болушканын эске алганда, бири-биринин тамырын тартып, ишенимин жагдайын чыңдап, "мозговой штурм" жасап, күзгү саясатка чоң жаңылык менен киргени жатышкандай...

Себеп дегенде, аз жерден мандат тийбей депутат болбой кала турган жерден, бийликке сын айтпоо, ар дайым колдоп туруу шарты менен депутат болгон Жанар Акаев жарыла албай араң жүрөт. Ал эми Алтынбек Сулайманов болсо Ысык-Көл облусуна губернатор болуп барып, ишти эптей албай кызматтан кеткенден бери буулугуп, бук болуп калды көрүнөт. Экөөнүн тең бийликке ичтери чыкпай, тосотто жаткан мергенчидей саясий кырдаалды анализге алышып, тоскоолдук кылган жан жок, ээн тоодо ээрчишип жүрүшкөнү бекер эмес...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости