www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Рахмонго тең келүүнүн кереги жок

Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барат. Рахмонго тең келип болбойт. Жакында Рахмон Душанбеде кенже кызын өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун уулуна турмушка узатты. Фарзона Рахмон менен Сафархон Юсуфтун үйлөнүү үлпөтү шаңдуу белгиленди. Башкы прокурордун уулу Сафархон Юсуф Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Фарзона Рахмондун иши жөнүндө маалымат жок. Кыз узатуу Душанбедеги “Магнолия” ресторанында өткөнүн тастыкташты. Анын алдында көчөнү ремонттоп, ресторандын тышын сырдап, Эмомали Рахмон келген күнү жол жабылды.

Тажикстанда президенттин кудалары жана күйөө балдары өкмөттө негизги кызматтарды аркалашат же ири компанияларга ээлик кылышат. Президенттин улуу кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев мурда Улуттук банкта иштеген. Ал Душанбе-Хожент жолун тейлеген IRS компаниясына ээлик кылары айтылып келет.

Президенттин үчүнчү кызы Тахмина Рахмон менен анын күйөөсү Зарифбек Давлатов да ийгиликтүү ишкерлер. Алар ээлик кылган агенттик Орусиянын шаарларына авиабилет сатуу боюнча эксклюзивдүү укукка ээ. Президенттин төртүнчү кызы Рухшона Рахмондун күйөөсү Шамсулло Сохибов агасы менен бирге Тажикстандагы күйүүчү май базарын монополдоштуруп алган. Рухшона Рахмон өзү болсо бир жыл мурун Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган. Президенттин башка бир кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов – Тажикстандын Түркиядагы элчиси. Дагы бир күйөө баласы Байланыш министрлигинде.

"Тажикстан менен чек ара маселесин тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деп билдирди президент Садыр Жапаров 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.Анын айтуусуна караганда, чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет:"Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деди президент.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү..Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралды. Ош облусунда тажик тараптын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берилди. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов чек арада баатырларча курман болгон Ош облусунун тургундары, жоокерлердин жакындары менен жолугушкан.

Ал өзүнүн резервдик фондунан беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп Ош облусунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берген. Жамалдинов жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбастыгын жана алардын жакындарына мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи

Маалыматка ылайык, 14-15-сентябрь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын бешинчи консультациялык жолугушуусу өтөт. Ошондой эле бул күндөрү Арал деңизин сактоо эл аралык фондун негиздеген өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин жыйыны уюштурулат. Аталган саммиттерге Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышары күтүлүүдө.

Саммиттердин алкагында Дүйшөмбүдө экономикалык форум, Борбор Азиядагы улуттук продукциялардын эл аралык көргөзмөсү, Борбор Азиядагы лидер аялдардын диалогу, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун биринчи форуму, транспорт министрлеринин жолугушуусу, маданият жана искусство ишмерлеринин концерти өтөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанга кирген башка өлкөлөрдүн жарандары боюнча статистикалык маалыматка көңүл бурсак, олуттуу маани бере турган жагдай бар. Мына Кыргызстанга жыл башынан бери жарым жылдын ичинде коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан болуп көрбөгөндөй адам кирген.

Алты айда Кыргызстанга 815 миң Өзбекстандын жарандары келген. Бирок булардын кандай максатта киргени жана канчасы кайра чыкканы белгисиз. Турист болуп киргендер, иш издеп киргендер, же биз аркылуу башка коңшу өлкөлөргө чыкканы боюнча так маалымат жок. Канчасы өлкөдө калып жатышат аны да айтуу кыйын. Айтор, алака-катыш жакшыргандын белгисиби, кыскасы Кыргызстанга эң көп кирген биринчи орунду Өзбекстандын жарандары ээлеген. 

Экинчи орунду, акыркы эки жылдан бери дипломатиялык мамиле сууп, алка-катыш солгундап кеткенине карабастан Тажикстандан 520 миңден ашык адам Кыргызстанга кирген. Булардын деле канчасы иш издеп, канчасы турист же башка максат менен келгени, же биз аркылуу Россияга чыкканы боюнча так маалымат жок. Беш жүз миң деген оңой эмес. Чек ара такталып бүтө электе, кооптуулук жагын эске алганда, негизи ушулардан сак болгон оң. 

Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи орунда Казакстан, Россия, Турция мамлекеттеринин жарандары ээлеген. Андан кийинки 4 орунду катары менен араб өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы, Кувейт, Египеттин жарандары өлкөгө көп кирген алдыңкы ондук тизмеге жазылышкан. Анда кийинки сапта Азербайжан өлкөсүнүн жарандары турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости