www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми мындай…

Негизи эле кыргыз саясатчысы кандай болушу керек эле? Бизде “баракелде” деген ким бар? Улуттун лидери боло турган, элди муюта турган, эртеңкиге үмүт бере турган адам барбы? Баланча, түкүнчө дегенибиз менен дээрлик бүтүндөй улут колдоп кете турган саясатчыбыз болушу керек беле? Шадыраңдап шайлоодон шайлоого чейин жашаган кыргыз турмушу баарын эле тажатып бүткөндөй. Улуу муунду чарчатпай, ушул кемтикти толтура турган жаштар чыгышы керек эле. Жаштардын кейпи келип-келип “Абировдун абийириндей” болуп калды. Жалпы эле кыргыз саясаты чынында ушул баланын эле өңүндөй экен. Өмүр баянында “так жок”, таза барактай кыргыз саясатчысы жок тура. Сатылма, сатып кете турган, сатып ала турган, соодалашкан, бетти сыйрып, бети жок иштерге аралашкан, бир буту бизнесте, бир буту “салпылдак саясатта” жүргөн эле адамдар. Үч-төрт саясатчылардын атын ардактап атап жүрдүк эле. Алар деле өздөрү дагы элдин тейин көрүп, үндөрү басаңдап калгандай. Сүйлөп чыкса, түрмөгө тыгып, кылмыш ишин козготуп, жалкытып салышат экен. Караламан-калк калка болуп бере албай турган абалда. Баары эле көр-тирлик менен алек. Калганы Абировдор…

Болду, ушунун айланасында жүрүп калдык. Алар болсо айланасына абийири жокторду топтоп алып, чуулдап коюп отурушат. Мамлекеттик кызматтардын басма сөз жаатында отургандар баш болуп, “Баш мыйзамды, ал түгүл, шайлоого тиешелүү мыйзамды бузган жок” деп дөөрүп коюп отурушат. Туура, Абиров мыйзам бузган жок. Анткени, ичти, уялды, кылмыш иши козголду, элден кечирим сурап, мандатын тапшырды. Демек, кайра шайлоого тынч мүнөздө негиз болду. Чырдын чордонунда ишенгени жогору жактын катын-калачтары болгон Дамира Ниязалиева калды. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып, Абировдун 2 литр арагынын айынан 18 млнго отурган мамлекетти дагы бир жолу, 13 млн акчага отургузмай болду. Ушунун баарын карап отуруп, Абиров абийири болсо, элди сыйласа, “асынып өлө турган” абал. Маалымат-катчылар мажестенип отургандай, мыйзам жол берсе дагы, принцип деген бар да. Мыйзам ошого негизделет. Мыйзам адамдар үчүн жазылат. Ал жашоодон алынат. Марстан же Космостон алынбайт. Адамдар үчүн кызмат кылат. Абийири бар саясатчы аны менен эсептешет. Мына ошол жок болду. Бул ары болгондо абийирсиздик, бери болгондо бети жоктук. Так ушул кыргыз саясатынын жүзү болууда. Бары-жогун чогултуп карасак, элдин шору ушунда. “Кыргыз саясатчысынын жүзү Абировдун жүзүндөй” тура. Качанкыга чейин уланат? Качан кыргыз сабаттуулугун, ага кошуп, укуктук сабаттуулукту таанып-билип, маалыматты ылгап, акча үчүн абийирин сатпай, Дайыр Орунбеков окшогон кул мүнөз, бети жокторду түз айыптап, акты ак, көктү көк деп жашаганды адат кылганда токтойт. Ага чейин ушинтип жашай беребиз. Демек, мага, сага, баарыбызга жагат…

Канышай Мамыркулова, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости