www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден баштап бир жылдан бери Тажикстан аларга каршы чыгып келатат. Мунун чоң себеби Ооганстандагы тажиктер бул жерде 10 миллиондон 18 миллионго чейин жетип, 38 пайызды алган пуштундардан кийин 34 пайыз менен экинчи орунда келатат. Тажикстандагы тажиктерден оогандык тажиктер көптүк кылат. Тажиктер азыркы бийликке каршы. Эгер Душанбе Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жуманын ичинде басып алышы мүмкүн. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири мулла Мохаммад Жан Хамза билдиргенин "Хашт-е собх" ооган гезити жазды. Мүмкүн оогандыктардын мактанып айтып жатканыдыр Ооганстандын 34 пайыз тажиктер болсо, өздөрүнө өздөрү кол салмак беле. Тажиктер түндүк-чыгыш жана батыш провинцияларда БалхТахарБадахшанПарванПанджшерКаписаБагланГорБадгисГератта көпчүлүктү түзүшөт. Андан тышкары: НуристанНангархарХостЗабуль провинцияларында да кездешет.

Хорасандык иран калкы VIII жана  IX кылымдарда «тажик» болуп бириге башташкан. Өзбекстанда тажик эли согди калкынан, Ооганстандагылар бактрийлерден түзүлгөн. Саманиддердин мамлекети учурунда тажиктер биригишкен.Ооганстандагы тажиктер провинцияларда төмөнкүдөй бөлүнгөн:

Калктын эсебин алуу жок болгондуктан болжол менен калктын пайызы мындай:

пуштундар — 38,4 %,

тажиктер — 34,7 %,

хазарейлер — 8,0 %,

өзбектер — 8,0 %,

аймактар — 4,1 %,

түркмөндөр — 3,3 %,

жана башкалар

Маалыматка караганда, Тажикстанды бир жумада ойрондойм деген талибдердин "Омари" корпусунун командиринин орун басары, "Мулла Жан" деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында "Талибан" өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.

Хамза: "Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо жана Душанбенин артында Орусия турбаса, талибдердин бул өлкөнү бир жуманын ичинде басып алууга кудурети жетет" деген. Расмий Душанбе талиб командиринин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Адатта тажик бийлиги талибдердин бийлигин тааныбагандыктан жана Кабул менен дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан, "Талибан" өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө эч кандай реакция кылбайт. Ооганстандын Ислам партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы премьер-министр Гулбеддин Хикматияр Панжшердеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна колдоо көрсөтүп жатканына байланыштуу Тажикстанды сынга алган. Ал тажик бийлиги каршылык көрсөтүү фронтуна Фархордо база түзүп бергенин айтып, мындай аракеттер улана берсе Ооганстан да тажик оппозициясына башкалка бериши мүмкүн экенин эскерткен.

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы августта басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты түзүлгөнүн жарыялашкан. Анда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" өкмөтүн сынга алып, анын курамына өлкө калкынын 46% ашыгын түзгөн тажик улутундагылар кирбей калганын айткан. Ооганстанда талибдердин бийликке келгенине дээрлик бир жыл болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө алар түзгөн өкмөттү дүйнөдө бир да өлкө тааный элек. Тажикстандын бийлиги Шамсиддин Шохин районунун административдик борборундагы Шуроабад чек ара отрядын тажик-ооган чек арасындагы көзөмөлдөө өтө оор деп эсептелген тилкеге көчүрдү. Маалыматка караганда, чек арачылар аталган райондун Ёл айылына жакын, болжол менен чек ара тилкесинен төрт чакырым алыс жерге жайгаштырылды.

Чек ара отрядынын буга чейин жайгашкан жери чек ара тилкесинен 20 чакырымдай алыстыкта жайгашып, ал жактан чек араны тиешелүү деңгээлде кайтаруу мүмкүн эмес болчу. Шамсиддин Шохин районунда Ооганстан менен Тажикстанды Пянж дарыясы бөлүп турат. Сууну бойлой эч кандай жол жок болгондуктан, чек аранын бул бөлүгү көзөмөлсүз калып, ооган аткезчилери көп өткөн тилкеге айланган. Учурда дарыяны бойлой жол курула баштады."Бүгүнкү күнгө карата 30 чакырым жол курулду. Бул аймакта чек араны толук көзөмөлгө алуу үчүн дагы 100 чакырым жол куруу керек болот", – деди Шамсиддин Шохин районунун башчысы Зафар Гулзода. Бул аймактагы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 145 чакырымды түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости