www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуп жаткан учурда Иран армиясынын техникасы Азербайжан менен чек арага жакындап келүүдө. Видеону Ирандын Sepah Pasdaran Telegram каналы көрсөткөн.

Азырынча бул боюнча расмий маалымат жок.

Кадрлардан аскердик техникалар - танктар жана өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатканын көрүүгө болот. Которуу так кайда ишке ашары көрсөтүлгөн эмес. Кадрлар күндүн батып бараткан фонунда тартылган.

2022-жылдын март айында Ислам революциясынын сакчылар корпусу коңшу мамлекеттердин чек араларынын өзгөрүшүнө чыдабай турганын, ошондуктан “Арменияга ар кандай аскерий чабуул Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн реакциясына туш болорун” эскерткен. Иран менен Азербайжандын 400 чакырым жалпы чек арасы бар.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости