www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары боюнча үн катып, уюм "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы окуяларга байланыштуу позициябыз белгилүү. Биз БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына баш ийип, "бирдиктүү Кытай" саясатын карманабыз", — деген генсек..

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барган. Ал сапарга кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга келиши "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Пелоси учуп келе жаткан учакты Кытай истребителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Пелосинин Тайванга сапары кечээ, 3-августта, аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости