www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жанарбек Акаев Ош аэропортундагы жана "Достук" чек ара өткөрүү пунктундагы такси айдоочулары менен Өзбекстандын жарандарына ортосундагы жагдайга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

Депутат 4-августта бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, такси айдоочуларынын өкүмзордугун уят иш катары сыпаттады. Ал кошуна өлкө жарандарынын Кыргызстандын аэропорту аркылу учушу, чек арадан ары-бери катташынын экономикага кошкон салымын белгиледи.

"Акылбек Жапаров ушул боюнча чечкиндүү талап койсоңуз", - деп жазган депутат.

Эске салсак, Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты.

Буга чейин да өзбекстандык жарандар кайрылып, кээ бирлери 5000 сомдой акчасын таксиге төлөгөнгө мажбур болушканын билдиришкен. Бул маселе "Твиттер" жана башка социалдык түйүндөрдө талкууланууда.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев таксилер менен байланышкан бул маселе үч жылдан көйгөй жаратып келатканын  билдирди. Анын айтымында, быйыл январдан бери социалдык тармактар аркылуу 15 кайрылуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости