www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет мамлекет орустардын кылган иштерин айыптап, укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн. Байден, танканы сүйгөн Лиза Трасс, Макрон, Шольц туш тараптан кайберенди талап жаткан «шакалдардай» талай баштады. Орусия 300 миң адамды согушка мобилизациялоо боюнча буйрукка кол койгон. Алардын арасында жакында Борбор Азия кошулат. Борбор Азиядан келген мигранттарды согушка тартуу маселесин карап жатат. Орусия жарандыгын 10 жылга жетпеген убакыт мурун алган кыргызстандыктар орус армиясында кызмат өтөөгө милдеттүү болору күтүлүүдө. Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Россия Федерациясынын жарандыгын алганына 10 жылга жетпеген жаңы жарандар үчүн сунуш даярдап жатканын билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин жарыялаган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында Борбор Азиядан келген иммигранттар бир жыл бою милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакырылды.

Өзгөртүүлөр Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мурдагы жарандарына тиешелүү болушу мүмкүн. Эгерде алар баш тартышса, алар жана алардын үй-бүлөлөрү Россия Федерациясынын паспортторунан ажыратылышы мүмкүн.

"Бул демилгени ишке ашыруу жогоруда аталган өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан өз жарандарынын ыктыярдуу негизде атайын аскердик операцияга катышуусуна расмий тыюу салууга адекваттуу жооп болот, бул үчүн алар өз мекенинде кылмыш жазасына тартылышат", - деп Кабанов билдирди.

Бул оңбогон чечим Борбор Азиядан келген иммигранттарга багытталган. Орусия Федерациясынын Президенти тарабынан жарыяланган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында Орусия Федерациясынын жаңы жарандары - 10 жылдан аз Орусиянын жарандыгын алган Орусия Федерациясынын жарандары үчүн бир жылдык милдеттүү аскердик кызмат өтөө боюнча сунуштар даярдалууда.

Кабановдун айтымында, ал Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келген жарандарга тиешелүү. Анын айтымында, аскер кызматынан баш тарткандар үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге жарандыктан ажыратылат: «Аскердик милдетти аткаруудан баш тартуу аскердик кызматка мажбурланган адамды гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүн да Орусиянын жарандыгынан ажыратууга алып келиши керек», - дейт Кабанов.

Кабанов кошумчалагандай, бул демилгени ишке ашыруу жогоруда аталган мамлекеттердин өкмөттөрүнүн өз жарандарына «атайын аскердик операцияга» өз ыктыяры менен катышууга расмий тыюу салуусуна адекваттуу жооп болот.

2022 жылы 21-сентябрда Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча жарлыкка кол койгон, ага ылайык 300 миң орус жараны согуштук аймакка аттанат.

НАТО Орусияны өзөктүк шантаж менен коркутат. Демек, расмий Москва өзөктүк курал колдонсо да элин коргойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуусунда билдирди.

«Батыш бардык чек араларды кесип өттү, биз тынымсыз коркутууларды угуп жатабыз. Курск жана Белгород облустарында теракттар азыртадан эле жасалып жатат», - деди Путин. Орусиянын президенти НАТО өлкөнүн түштүк чек араларында чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. «НАТО Орусиянын түштүгүндө чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Алар Орусияны согуш талаасында жеңүү керек деп ачык айтышат. Ядролук шантаж да күчүнө кирди. Мындай билдирүүлөрдү жасагандарга эскертип кетейин, биздин өлкөдө да андай куралдар (өзөктүк курал – ред.) бар. Элибизди коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонобуз. Бул блеф эмес. Биздин көз карандысыздыгыбыз жана эркиндигибиз бардык чаралар менен камсыз кылынат», - деди Путин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости