www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Орустар орустарды кодулай баштады

Филипп Киркоров деген болгар бар. Болгарияга жолотпойт. Орусияда Кыргызстанга келип концерт берип жатат. Алла Пугачева дегенде жанын берет. Анткени бир убактагы күйөөсү. Москванын ири радиостанцияларынын плейлисттеринен Укранинадагы атайын операцияны сындаган артисттердин ырлары алынып салынды. Эфирден Алла Пугачева, Валерий Меладзе аткарган ырлар, ошондой эле Константин Меладзе жазган музыкалык чыгармалар алынып салынды. Константин Меладзенин ырларын Кристина Орбакайте, Вера Брежнева, ВИА Гра аткарышат. Мындан тышкары репертуарында аталган композитордун чыгармалары бар Ани Лорактын, Полина Гагаринанын жана башка көптөгөн артисттердин ырлары радиостанциялардын музыкалык репертуарынан жок болду.

Артисттер Украинадагы атайын операцияны ачык сынга алышкан. Валерий Меладзе социалдык тармактарда согушка каршы позициясы менен пост жарыяласа, Алла Пугачеванын күйөөсү Максим Галкин чет элдик агент деп таанылды. Примадонна аны да чет элдик агент катары таанылышын суранып, өлкөдөн учуп кетти.

Примадонна Москванын жанындагы элиталык мектептен балдары Гарри менен Лизанын документтерин алып, досу Борис Моисеевдин жаназасын күтпөстөн жеке рейси менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Айтбаев батир алып берген «жакыр» Акаев миллиард рублдик хансарайын Филипп Киркоровго саткан. Акаев президент кезинде эл үчүн Кыргызстанды өнүктүргөм, ПЕСАК программасынын негизинде менчиктештирүү жүргүзгөм, айыл чарбасын реформалоодо элдин тилеги кабыл болду, Бирнштейндин көмөгү менен канадалыктар «Кумтөр» кенин иштетти деп өзүнө чаң жугузпайт. Аскар Акаевичтин эскерүүлөрүнө үңүлсөк: Ленинградда аспирант болуп жүргөндө батирге жетпей, ар кимдикинде жүргөн. Элдин айтымында союз убагында Акаев Фрунзеге келгенде жашаганга үйү жок. Ортого Таштемир Айтбаев түшүп ал кездеги республиканын жетекчиси Усубалиевге кирип батир алып берген дешет. Он төрт жыл президент болгон Акаев Кыргызстанды самандай сапырып ар кайсы жерден хансарайларды сатып ала берген окшойт. Ошолордун бирин орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров мурда Кыргызстандын президенти Аскар Акаевден сатып алган. Бул тууралуу «Новый век» Telegram каналы жазып чыккан.

Элиталык хансарайды сатып алган Киркоров болгар болгону менен орустардын жылдызы. Telegram каналы Росреестрдан алынган маалыматты жайгаштырган. Документке ылайык, Киркоров Акаевден “Филипповский” турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаусту сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга бааланат. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз. Пентхаустун аянты 537 чарчы метрди түзөт. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан.

Жашарга үйү жок Акаевге биринчи катчы Усубалиевге кирип үй алып берген Таштемир Айтбаев ким? Бул жакшыгы үчүн Акаев президент кезинде кандай мансаптарды алган? Аскар Акаев жашаганга үйү жок кезде батир алып берген Таштемир Айтбаевдин жакшылыгын унуткан жок. Ал президент кезинде аны Ички иштер министри, КГБнын жетекчиси кылды, инилерин бүт мурдунан жетелеп райондорго аким кылган. Президенттер Жапаров, Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан. Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана “интеллигенттүү” ойношуп, “ таптаза” жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы Айтбаев Нарын облисполкомун жетектеп Турдакун Усубалиевдин Москвада окушуна жана бийликтен тез көтөрүлүшүнө жардам берген. Усубалиев ЦКга биринчи болуп келген соң Айтбаевдин балдары май-талкандуу кызматтарды ээлеп, Таштемир Айтбаев Кыргыз комсомолунда биринчи, кийин компартиясынын секретары, ИИМ министри, УКМК жетекчиси болгон, калган инилери аким жана башка чоң кызматтарды иштешкен.

Бала деген бала ким менен болсо да ойноп, өсө бериш керек. Бүгүнкү күнү Айтбаев сыяктуу көчөдөгү балдар менен баласын ойнотпогон трайбалисттер көбөйдү. Азыр мындай “айтбаевчилер” балдарын карапайым элдин балдары менен ойноткусу келбейт. Биздин кошунабыз күйөөсү жок чүйлүк, кызы менен жашайт, мектепт ен келген соң небересин дарбазадан сыртка чыгарбайт. Небереси таенеси жокто балдарга жалдырап, балдар менен тордон чыкпай ойнойт, таенеси келатканда канчалык ойногусу келип турса да балдар менен ойнобой кетет. Аттиң деп Айтбаевдер эске түшөт алар го атка минерлердин балдары эл катары иштеп жүргөн буларга эмне жок?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости