www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касмалиев деген чычайган муруту бар төбөдөн урган неме бар. Атамбаевдин заманында Каржы министрлигин тейлеп, жердин барына карызка батып, кожоюнун түрмөгө тыкты да, өзү ысык-көлдүк болом деп Жапаровдун бутуна жармашып жүрүп минкабдын биринчи орун басарлыгына жетти. Жеткени курусун эми Акылбек Жапаровдун ордуна көзү кыцчышып интрига жасап жаткан убагы. Маалымат беттерин чыгып алып минкаб эч нерсе уурдабайт деп калп айтып жанын жеп жүрөт. Эгер уурдабаса төрт министр эмнеге түштү?
Ат-Башынын кулуну жегич Бейшеналиев, таластыктар чоң тамак энергетика министри жана осурак Осоев, ал эми маданият министри жөн жерден кетип калды. Негизи ушуларды кетириштин башында Башкы прокурор Зулушев турат деген кеп тарап жатат. Анда эмнеге ал аркалыктарды жоготуп жатат.
Төрт министр бир күндө алмашылды. Кээ бир кеткендер коррупциядан күнөөлөнсө, айрымдары тууралуу – башында эле ушундай сүйлөшүлгөн деп айтылууда. Акыркы мезгилде жетекчилер ылдам алмашылып жатканына көнүп да баратабыз, аны – партиялар атынан депутат болгондор баштаган. Башында мындай көрүнүш реформа деп кабыл алынган – эгер кимдир бирөө ишин алып кете албаса же туура эмес аракетке барса, аны ылдамыраак алмаштырыш керек. Бирок ишке көнүп, эмне кылууну түшүнүү үчүн кээде бир-эки жыл да жетишсиз.
Аны менен катар – министрдин деңгээлиндеги адамдар коррупцияга малынганы же эң жогорку кызматка адамдар убактылуу келип жатканы мамлекеттүүлүктү күчөтпөйт ко. Министр акчага сатылса же спикер убактылуу болсо, башкалардан эмнени күтүш керек? Жогорку кызматтагылар дагы, алардын ордун талашкандар да – баары өз ордунда эмес болуп чыгууда...
Касымалиев Атамбаевдин учурунда минстр болуп эмнени кыйратты? Учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 800 млн доллар. Кыргызстандын Кытайга болгон карызы мамлекеттин ички дүң продукциясынын (ИДПсынын) 30 пайызына туура келет. Кытай Эксимбанк аркылуу Бишкек ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион доллар, «Датка-Кемин» долбооруна 390 миллион доллар, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолуна 850 миллион доллар жана башка долбоорлорго насыя берип отуруп учурда Кытайга эле карызыбыз 1 млрд 800 млн доллар Кыргызстандын бересеси бар. Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул долбоор 2014-жылы башталган. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле.
Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырууда. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун башкы өзгөчөлүктөрү катары анда салынып жаткан эстакадалык көпүрөлөрдү жана тоннелди айтууга болот. 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө куруулуда. Бул жолдо ошондой эле өлкөдөгү эң узун тоннель курулууда. Көк-Арт ашуусундагы бул тоннелдин узундугу - 3890 метр. Кытайга карыз болуп экономикалык жактан эч пайда алып келбеген ушул жолду куруунун кажети бар беле? Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коёт. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Кытайга толук карыздарды төлөө 2029-жылдан башталат. Андан кийин Тажикстандын кейпин кийип, Кытай Армиясына аскер базасын ачып бербесек болду.
Кытай чет мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда аскер базаларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Учурда Кытайдын Элдик - Боштондук армиясынын (НОАК) базалары Тажикстанда пайда болушу күтүлөт.Бул тууралуу Пентагон докладында жазып чыкты. АКШтын Конгрессине багытталган бул докладда Кытай Мьянмага, Таиландга, Сингапурга, Индонезияга, Пакистанга, Шри-Ланкага, Бириккен Араб Эмиратына, Кенияга, Сейшелге, Танзанияга, Анголага жана Борбор Азиядан Тажикстанга аскер-логистикалык базасын орноштурууну көздөөдө.
Акыркы мезгилдерде Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге 100 миллиардаган насыяларды бере баштаганы белгилүү. Кытайдан чоң суммадагы карыз алган мамлекеттердин саны 100 мамлекетке жетти. Кытайдын экономикасын иликтегендер Кытай ачык да жана мамлекеттик сыр бойдон катылуу жабык да дүкүлдөтүп карыздарды туш тарапка чачып жатат. Ушул карыздардын баарын эсептегенде Кытайга болгон карыздар триллион долларга жетиптир дешет. Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч даана билинип турмак. Мисалгы алсак, Түркмөнстандын Кытайдан алган насыясы белгисиз болуп турат, болжол менен 6-7 миллиард доллар болушу мүмкүн.
СССРден калган мамлекеттерден Кытайдан карызды көп алган мамлекеттер Белорус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Белорустун Кытайга болгон карызы өз өлкөсүнүн ИДПсынын 31 пайызын түзсө, Тажикстандыкы 15 пайызын түзөт. Кытайга эң көп карыз болгондор Тонга, Лаос, Жибути, Монголия, Мальдив аралдары, Пакистан, Черногория жана Конго республикасы. Андан кийинки Кыргызстандын көп карызы Японияга тиешелүү, бул жакка 237 млн. доллар, Германияга 83 млн. доллар карызпыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg