www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирген. Бирок, ал кандай сунуш экенин тактаган жок. Марат Иманкуловдун сөзүнө караганда, ушул тапта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору иштеп жатат: «Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан «кел чек араны чечели» деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек», — деп билдирген Иманкулов.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов Кыргызстанга 10 күндүн ичинде 2 жолу келгени айтылып жатат. Бирок бул боюнча расмий маалымат берилген жок. Мындан улам, эмне себептен Ятимовдун чукул арада удаа эки жолу Кыргызстанга келгени эч жерде айтылбай көмүскөдө калганы көпчүлүктү кыжаалат кылууда. 

Арийне, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Ятимовдун тез-тез катташы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери чечүүчү баскычка жакындап калышы мүмкүндүгүн билдирет. Ал эми муну эки өлкөнүн топографиялык топторунун кызуу иштери гана эмес, коңшу республиканын башкы коопсуздук кызматкеринин Кыргызстанга жашыруун сапары да далилдеп турат. Ошентсе да, анын сапарынын максаты белгисиз. Бирок бул сапар кандайдыр бир деңгээлде биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара маселесин чечүүгө байланыштуу деп божомолдоого болот.

Сыягы, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси чыр-чатаксыз чечилип, эки өлкөнүн мамилеси өтө ийкемдүү өнүгүп жатышы Тажикстанды ойго салып жатканы байкалат. Эмнеге дегенде, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселеси жолго коюлуп, экономикалык кызматташуу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр пайда болгону Тажикстанды ойлондурбай койгон жок. 

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кыргыз армиясынын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чаралары натыйжалуу болгондугун дагы эске албай коюуга болбойт. Өлкө жетекчилиги өткөн чыр-чатактарды мисалга алып, туура тыянак чыгарды. Кыргыздарды өзүбүздөн башка эч ким коргобойт. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн күчтүү армия түзүү керек дегенди билдирет.

Эми эмнеси болсо дагы Кыргызстан Тажикстан менен чек ара сызыгын тактоодо улуттук намысты, кызыкчылыкты жогорку деңгээлде коргоп, өлкө, эл утулбагандай чечим кабыл алышы милдет. Коңшуларга жерибизди тарттырып жибербей, Ворухка коридор берип, Баткен, Лейлекти анклавга айлантып албагандай чечим кабыл алынышы парз. Ансыз болбойт. 

АКШда билдиришкендей «Иран Россия менен Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды-дрондорду өндүрүү сунушун айткан». CentralAsia маалымат булагынын маалыматы боюнча АКШ мамлекеттик департаментинде билдиришкендей «Ирандын Орусия менен Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды-дрондорду өндүрүү боюнча өндүрүштү ишке киргизүү сунушу аркылуу Тегеран эки тараптуу кызматташтыкты арттыргандан тышкары экспорттон ири пайда табууну көздөп жатат».  

Маалыматтарга караганда «2022-жылы август айында эле Иран Орусияга  жүздөгөн Shahed жана Mohajer дрондорун беришип, орустар бул куралдарды Украинадагы атайын операцияда кеңири пайдаланышкан». АКШ бийлиги «учкучсуз учуучу апараттарды даярдоодогу Иран өндүрүшүнө айрым компоненттердин кошулуусуна мүмкүнчүлүк берилбеши керек» экендигин кооптонуу менен белгилейт.  

Тажикстандын эки жаранынын өлүмү менен аяктаган уруш эмне себептен улам чыкканы белгилүү болду. Тажик мигранттарынын ортосунда жаңжал жаңы сатылып алынган автоунаанын мурдагы айып пулдары төлөнбөгөндөн улам келип чыккан. Кандуу жаңжал жакында Екатеринбургдун Бардин көчөсүндөгү «Монетка» дүкөнүнүн алдында болгон. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, жаңжал Хатлон облусу менен Согд облусунун жашоочуларынын ортосунда чыккан.

Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын башчысы Фаррух Мирзоев Хатлон облусунун тургуну Согд облусунун тургунуна унаа сатып, кийин алар жаңжалдашканын билдирген: «Сатып алуу-сатуу келишиминен кийин айып пул төлөө боюнча 6 миң рублга квитанция келген. Жаңы кожоюндар келип, айып пулду төлөп, унааны кайра каттатып берүүнү суранышкан. Айып пул төлөнбөсө, улам эскертүү келип жатканын билдиришкен. Башында кер-мур айтышып, андан соң жалжал бычакташуу менен аяктаган. Алардын ортосунда дагы эмне болгону белгисиз», — деди Мирзоев.

Автоунааны саткан жана сатып алган кишилердин тек-жайы азырынча белгисиз.

«Коммерсантъ» басылмасынын маалыматына караганда, бул окуяда эки тажик жараны каза болуп, дагы экөө жарадар болгон. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости