www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүздөрүнөн каар таяп турган жүздөр прокурордун жүзү деп ойлой бер. Сталиндин убагында Вышинский деген каарлуу Башкы прокурор болгон. Далай миллиондордун сазайын колуна берип, өзү да ошол тегирмен менен тегеренип жок болгон. Аида Салянова Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү Башкы прокурору болуп, далайлардын убал-сообуна карабай, түрмөгө «путевка» берген. Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши Аида Жеңишбековна менен тыгыз байланыштуу. Бирок эмнегедир жазаны Атамбаев жалгыз тартып, Аида Салянова аппак куу болуп жүргөндөй. 2020-жылдын ноябрында Салянова “тирилип”, ал маалымат аркылуу Садыр Жапаровдун 1,5 миллиард сомду эсептен чыгарды деген билдирүүсү тууралуу түз эфир уюштурган.

Эфирдин башында эле ал Садыр Жапаровдун 2012-жылдан бери интернетте жигердүү тарап келген видеолорунун бирин көрсөттү. Видеодо Садыр Жапаров 2009-жылы Аида Салянова "Кумтөргө" 1,5 миллиард сом салыкты кечип салган деп айтып, кол коюлган жарлыкты көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. "Бул карандай калп! Мен өз убагында мындай сумманы эсептен чыгарган эмесмин", - деген мурдагы башкы прокурор. Бирок ал чыгарбаса ким чыгарды?

Аида Салянова кимдерди каматкан? 2012 –жылдын 22 –июнунда ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште Нариман Түлеев мэр болуп турганда автобустар үчүн $1 млн 412 миң сомду мыйзамсыз алган деп билдирүү жасап, аны 4 жыл жалган жалаа менен тордун артында кармап турган. Салянова Башкы прокурордон кеткен соң бул иш оң чечилип 2О15-жылы май айында Нариман Түлеев эркиндикке чыкты. Аида Салянованын аксымдыгы ошол боюнча калып калган жок ал Башкы прокурор болуп туруп 2О12-жылдын күзүндө Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду мүңкүрөтүп, Укук-Кылмыш Кодексинин 295 жана 297 беренеси боюнча жайга чейин жазыксыз 8 ай камаган. Он жыл мурун  2013-жылдын жайында Саляновага салаасынан баш бармагын көрсөтүп Бишкек шаардык сотунун судьясы Курманкул Зулушев актап чыккан. 2О13-жылдын ноябрь айында мурунку экс-спикер Акматбек Келдибековду тооруп ага учурунда Соцфондду жана Салык кызматын жетектеп турганда кылмыш иштерин жасаган жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары Орусияда парламенттин өкүлчүлүгүн туура эмес ачкан деген жалган шылтоолор менен Башкы прокурордон түшкүчө 304 –берене менен асылып келген. Булар эми «киттер» ал эми майда болгондор тууралуу санабай эле койолу. «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба» дейт. 2014 – жылдын декабрдын аягында Аида Салянова «Манас» ордени менен сыйланат да, көп өтпөй австриянын «Хэнделс» компаниясын колдоп жүргөндүгүнүн айынан Башкы прокурордон кетет. Эки жылдан соң 2016- жылдын 26 – декабрында Башкы прокуратура Аида Салянованын үстүнөн кылмыш ишин козгойт. Деги өзү 70 миң долларлык, жубайы 120 миң долларлык кымбат машиналарды тээп жүргөн Салянованын башына неге мынча «кара булут» айланды? Аида Салянованын өзүнө 304 – берене боюнча кылмыш иши козголгон. Аида Салянованын мойнунда бир топ иштер турганы менен ал же Атамбаевге, же башкага туура пикирин айта албай титиреп тургандай

Бийлик “сал, сал, сал билек”-деп эркелетип “салбилек” кылып жүрчү билектүү «салбилек» Салянова деген кызыбыз учурунда прокуратураны чарк айлантып «твист» бийлеп турган. Азыркы бийликте тургандарды чычканды ойноткон мышыктай алаканына салып, камерага эч күнөөсүз тыгып да салчу. Кыргызстанды дүңгүрөткөн Азиз Батукаевди бошотууда эмгеги сиңген. «Айран ичкен кутулат,челек жалаган тутулат» дегендей Батукаевдин иши боюнча камалып, кандайдыр бир себептер менен камактан бошотулган. Ал эми ушул иштер боюнча Алмазбек Атамбаев тутулуп жатат.

 Бешинчи парламентте, коалициялык көпчүлүктөгү фракция жетекчилеринин “дандуусу” Бабанов  бийликчил депутаттарды топтоп түлөөгө чакырат. “Түлөөнү эмнеге багыштап берип атасыз?”-деген суроого, ал: «Түшүмө Аида Салянова кириптир, кудай андан алыс кылса экен деп түлөө өткөзүп жатпаймбы”- деген имиш.

Ооба, Аида Салянова депутаттардын жана башка атка минерлердин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүргөн. Кылмышкерлерге кылмыш козголсо мейли, бирок “саясий кине” коюп, Жапаровго, Ташиевге, Мамытовго, Келдибековго  кылмыш ишин козгогону кандай? Салянованын кылмыш ишин козгоо боюнча чыгарган токтомунун өзү туура эмес экендигин эксперттер айтышкан.

 Башкы прокурорлор көп эле алмашты. Алардын арасында Азимбек Бекназаров сыяктуу өз алдынча иш жүргүзгөндөр бар, көпчүлүгү президенттер менен иштешип, кызматынан кетишсе да, унчукпай кете беришет. Көптөгөн адамдарга жалаа жаап каматкан Аида Салянова аларды каматканы үчүн «Манас» орденин Атамбаевдин өз колунан алган. Ал Башкы прокурордон кетер менен тыбырчылап жөн жаткан жок, ошондуктан өзүнүн башына балээлерди үйүп алды. Элге ууланган көмүрдү таратканга аралашыптыр. Батукаевди сыртка кетирүүдө Башкы прокурор катары катыштыгы бар экен. Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылып келген экс башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги иштин кандай болгону тууралуу видео аркылуу ачык айтып берген. Батукаевге карата болгон иште дарыгерлердин ал адамдын аз өмүрү калганы тууралуу кагазы болгону чындык экенин баса белгилеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

.

 

Последние новости