www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу жабдык да орнотулат. Завод ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет.
“Завод мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.
Булак: NazarNews.kg