www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салымбеков тоюз, Мааткабылов парламентке депутаттыкка талапкер болуп жүргөн. Муну шымын булгап кетти окшойт эргул парламентке депутат болбой баңгизаттарды ташып күн көрүп калыптыр. Жакында Рысбек Мааткабылов баңгизат менен колго түшүп калат. ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган атайын операциядан кабар алсак. Бул ишти Тимур Жообасаров жетектеп, Бишкектин Медеров - Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Аламүдүн базарынын» генералдык директору Рысбек Мааткабыловду баңгизат менен колго түшүрүп алат. Бирок бул иш эмнеге ачыкталган эмес?

Ортодон Мелис Турганбаев кийлигишип, 30 миң доллар парага сүйлөшүп, чыгарып кеткендей? ИИМдин тар чөйрөсүндө мындай «бармак басты, көз кысты» коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу кесепети талкууга алынып аткан чак. Рысбек Мааткабылов олигарх Аскар Салымбековдун иниси болот. Байлар билгенин жасап, кылмышка илинип, милицияга түшүп калса акчаны күчү менен чыгып кеткени ушулбу?

Аскар Салымбеков деле жутунбай эле Кой-Таш айылында бир топ жерди, Кегетиде, Татырдагы бир топ жерди, Аламүдүндин жанындагы паркты, «Алматинскийдин» боюнун барын өзүнө чыгарып алган, убактылуу деп, азыр менчик кылып албадыбы. Эмне үчүн Салымбековго окшогондор баңгизаты менен кармалса да эч ким унчукпай жүрө бериш керек.

ИИМдин бангизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султановдун артынан дайыма чуулгандар токтобой келет. Башкы прокуратура козгогон 25 кылмыш иши боюнча «түйүндөр» чечиле элек. Октябрь РИИБни жетектеп тургандагы былыктары боюнча. Бишкектин Медеров - Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Аламүдүн базарынын» генералдык директору Рысбек Мааткабыловду баңгизат кармалганы тууралуу сөз жок. Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев иликтөө, териштирүү жасатабы? Рысбек Мааткабыловду колго түшүрүү учурунда шопурун сырткары спецназ тартылып, жоон топ өздүк курам күбө болуп жатса, аягы «жым-жым» таризинде жыйынтыкталганы кандай? Кыскасы, биздин суроолор жерде калбасына ишене туралы. Күч органдарында тазалык, мыйзамдуулук болбосо, элге кайсы үлгүнү көрсөтөбүз? Көп кыңыр иштерден суурулуп чыгып жүргөн Улан Султанов бул саам кандай таризде амалданат экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости