www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элдик Курултай биздин өлкөбүздүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ», - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Жамин агай президенттин 25-ноябрга курултай чакырганын бири колдосо, бири сындап жатат. Сиз бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Конституцияда жазылгандан кийин Элдик Курултайды өткөрүү сөсүз керек.  Бирок аны ишке ашыруудан мурун сентябрда келип иштей турган Жогорку Кеңеш Элдик Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзамды тезирээк кабыл алып берсе бардыгы ойдогудай болмок. Ал Мыйзамда биринчи кезек Курултайга өкүлдөрдү кандай тартипте шайлоонун эрежелери так аныкталышы зарыл.

Менин оюмча, делегаттарды шайлоо ачык эмес, жабык түрдө өтүшү керек. Антпесек, бийликтеги ар кандай адамдар өзүнүн оюн таңуулай бериши мүмкүн. Андай болсо, иш таптакыр бузулат. Элдик Курултайдын милдети Конституциянын 7-беренесинде ташка тамга баскандай ачык-айкын аныкталып турат. Ага ылайык, «Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет».

Мындан тышкары, Президент Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот.

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Ошентип, жаңы Конституциянын өзүндө эле Элдик Курултайдын вазийпалары аныкталып турат.

Бирок ошондой болсо дагы, Конституцияда «Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат», - деп айтылып калгандан кийин, Курултайды кийинчерээк, мисалы кыш мезгилинде, Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамды кабыл алып, ага президент кол койгондон кийин өткөрсөк, анда өзүбүздүн коомчулук жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү дагы Курултайдын легитимдүүлүгүнө эч кандай шек келтире алышпайт эле. Бул биздин өлкөбүздүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайдчакыруу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Курултай 25-ноябрда, Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости