www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салымбеков фейсбукта ач-айкырыкты салыптыр, ал: «Садыр Нургожоевич, Акылбек Усенбекович; Азыр куздук айдоо себуу башталат, солярканын баасы 75 сомдон 80 сомго чыгып кеткен. удобрения да асмандын башы эмне кылабыз? Долар тушу солянка менен бензиндин баасы жогорулагандын устундо. ДЫЙКАНГА КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ».

Белгилүү блогер Тологон (ТӨЛӨГӨН болсо керек) Сулайманов сымал алка -жакадан албай туруп, Салымбеков деле депутат болду, анын грамматикалык каталарын санап көрөлү. Же биздин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жазуу деңгээли ушундай элеби? Салымбеков Мамытбай бешинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты, бизнести эзип жатат.

Социалдык тармактарга чыккан соң мен мыктымын деп орусча дөөрүбөй, кыргызчалатып алса болмок. Мейли орусча аралаштырып жаза берсин, бирок кыргызчаны деле оңдуруп үйрөнүп албаптыр. «Солянка» деген орусча сөздү чырак менен караңгы түндөиздесең да таппайсың. Мүмкүн «солярка» болуп жүрбөсүн? Эми муну кыргыздар жайбаракат эдле «күйүүчү май» деп жүрүшөт, ал эми «бензинди» «мунай зат» деп которуп алышкан. «Удобрениеси» да коошпой турат, биринчиден сүйлөм башталганда баш тамга менен башталат, экинчиден Салымбековдон башкалар «жер семирткич» деп эле жазып жүрүшөт.

«Долар тушу» эмне экенин түшүнбөй, болжоп «Доллар түшүп» болсо деген ойго келдик. Бул оюу жакшы эле экен, «доллар түшсө да» эмне үчүн мунайзат, күйүүчү майга баа түшпөй жатат деп атса керек. «ДЫЙКАНГА КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ» - деп жазганы баш тамгалар менен жазылып, эң туура жазылган сүйлөм экен, башына чөп сындырып коюш керек. Ооба дыйкан үчүн күйүп -бышкандай көрүнүп кетет экен. Бирок ката жазгандан көрө жазбай эле койсо, анткени Салымбековдордун «имиджине» көлөкө түшүрүп жатат. Анын үстүнө ал-ахыбалды түшүнүп туруп, Салымбеков кымбатчылык деп өзөгү үзүлгүчө айкырып атса, карапайым эл эмне болот?

Салымбеков деген ким? Коронавирус күч алып чүчкүргөнгө да айыппул, тамак-ичкенге да айыппул салына баштаган  заман артта калды. Мурунку «чимкирик» парламенттин депутаттары түкүргөнгө да айыппул салышкан. Ушул парламентке Аскар Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров экөө «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» менен аттанган.

Ал кезде Чуңкурчак жайлоосуна өзүнө тиешелүү партиянын лидерлери менен кеп-кеңешке келген «мамлекеттик шопур» катары мамлекеттин рулун көздөп турган Икрам Илмиянов баш ийбеген партиялардын барын балжа –булжа кылган. Ошолордун арасында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» бир аз добуш менен парламентке жетпей калган.

Шайлоо алдында Түркиядагы үлкөн кызматын таштап келген Адахан Мадумаров бүгүнкү күндүн депутаты. Шайлоо алдында даваатчыларды жер кыдырсын деп, коронавирус деген Кыргызстанда жок деп айгай сала баштаган. Коронавирус Кытайдан башталган кезде Аскар Салымбеков гуманитардык жардам иретинде 50 миң маска берген. Кыргыз элинен кантип аясын, балким эмне жардам бергенин билгендер айтып коюшар. Коронавируска каршы гуманитардык жардамдарды берип жаткан «Эмгек» партиясы менен коронавирус бар экенин танган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы экөөнүн позициясы бир эмес. Ошондуктан Атамбаев бөлө чаап парламентке жолотпой койгон.

 Парламенттик шайлоо кайрадан эшик-тешикти шыкаалай баштап, «Эмгек» партиясы Бишкектеги шайлоолор менен чектелип, «Бүтүн Кыргызстан» шайлоого өтүп келген. Өткөн шайлоолордо добуштардын «даамын» сезип калган Аскар Салымбеков «Эмгек» партиясы менен эч бир партия менен бирикпей шайлоого катышпай койду. Эмнеси болсо да убакыт улам таарып бараткан Салымбековдун ал өз иши. Аскар Салымбеков бизнеске гана аскар тоо болбой, качан парламентке барып, элине аскар тоо болор экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости