www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече жылдан кийин дүйнө олуттуураак пандемияга туш болушу мүмкүн. Мындай пикирин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш «Анадолу» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Биз келечектеги эпидемиялардын чыгышына даяр болушубуз керек. Биз коронавирустук пандемия учурунда дүйнө тилектештик көрсөтө албаганына күбө болдук. Бир нече жылдан кийин биз олуттуураак пандемияга туш болушубуз мүмкүн. Бул дүйнө жана эл аралык коомчулук теңсиздикке жана коркунучтарга дуушар болууда. Чыңалууну, баш аламандыктарды жана кризистерди жаратышы мүмкүн. Эл анын келе жатканын түшүнүшү керек», - дейт ал.

Гутерриштин айтымында, позициялардагы жана көз караштардагы айырмачылыктарга карабастан, эл аралык коомчулук планетаны талкалап жаткан көйгөйлөргө каршы биригүү жолун табышы керек.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс бир күн мурун дүйнө «пандемияны токтотуу үчүн эч качан жакшы абалда болгон эмес» деди. Пандемиянын аягы көрүнүүдө» деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости