www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу "Самрук-Казына" улуттук фондунун башчысы Алмасадам Саткалиев 15-сентябрда брифингде билдирди.

"Болжолдонгон энергетикалык баланс 2032-жылга чейин өлкөдө 2400 мегаваттка чейинки кубаттуулуктагы АЭС куруу зарылдыгын көрсөттү. Биздин фонд өкмөттүн жетекчилиги астында бул долбоорду ишке ашырууга киришти. Иш боюнча отчет беребиз", - деди Саткалиев.

Ал АЭС куруу долбоору эл аралык инвесторлор тобунун жардамы менен ишке ашарын кошумчалады.

"Бул боюнча Орусиялык "Росатом", Кытайдын CNNC (Кытай Улуттук өзөктүк корпорациясы), Түштүк Кореянын KHNP (Korea Hydro & Nuclear Power) жана Франциянын EDF (Électricité de France) компанияларынын сунуштары каралат. Мындан тышкары генерациялоочу жабдуулар боюнча америкалык General Electric, кытайлык CNNC жана кореялык KHNP компаниялары негизги жеткирүүчү катары каралууда. Алардын ар биринин артыкчылыктары менен кемчиликтери, эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы бар", - деди Саткалиев.

Августтун башында Казакстандын өкмөтү АЭС курулушу эл аралык долбоор болорун билдирген. Андан соң казак делегациясы Түркияда курулуп жаткан АЭСти көрүп келишкен. Мындан тышкары жайдын башынан бери Казакстандын делегациясы Түштүк Кореяда жана Францияда болгон.

9-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султанда өткөн чет өлкөлүк инвесторлор кеңешинин жыйынында өлкөдө АЭС салына турган жер аныкталганын билдирген. Көп өтпөй станция Алматы обусунда, Балхаш көлүнүн маңдайындагы Үлкөн айылында курулары кабарланган.

"Казакстан атомдук электр станциялары" компаниясынын башкы директору Тимур Жантикиндин айтымында, 3+ долбоорлуу, эки блоктон турган станциянын курулуш баасы болжол менен 8-12 миллиард долларды түзүп, өзүн 14-16 жылда актайт.

Казакстандын Энергетика министрлигинин божомолуна ылайык, АЭСтин курулушу 2035-жылы аяктап, ишке берилет деп күтүлүүдө.

2019-жылы апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда АЭС курууда өз жардамын сунуштаган. Бул жолугушуудан кийин Казакстандын президенти билдирүүлөрүндө атомду тынчтык максатта колдонуу зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айткан.

Эл аралык энергоконсультанттар жана энергетика тармагы боюнча бир катар казакстандык эксперттер АЭСтин ишин "анча коопсуз эмес, кымбат жана климаттын глобалдык өзгөрүшүнө каршы натыйжасыз" деп аташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости