www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен жолугушууда Евробиримдик менен АКШнын бири-бирине дал келбестигин сынга алды. Ал ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн саясатына карата мыскылдуу комментарий берди.

«АКШнын Москвага каршы чектөө чараларына келсек, Тегеран аларды эч качан тааныбайт жана эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, өнүктүрөт. Биз сүйлөшүүлөрдөн артка чегинген жокпуз, бирок Кошмо Штаттар сүйлөшүү жүргүзө албасын бүт дүйнө билет. Алар милдеттенмелерин бузуп жатышат. Ошондой эле, Евробиримдик пассивдүү болуп, убадаларын аткарбай жатканын баары билет», - деди Иран президенти.

Буга жооп кылып орус президенти какшыктап батыш өлкөлөрү сөздүн ээси, кааласа убада берип, кааласа кайтарып алаарын айтты.

Төрага ошондой эле Иран стратегиялык мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу карай турганын кошумчалады.

«Саясий, соода-экономикалык, ошондой эле космостук чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү улантылат», - дейт Раисий.

Маалымат үчүн айта кетсек, Орусия менен Иран аларга башка өлкөлөр тарабынан киргизилген санкциялардын саны боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат. Бул көрсөткүч боюнча Тегеран биринчи болду, бирок Украинада «атайын операция» башталгандан кийин Орусия биринчиликке чыкты. Кремль Москвага каршы чектөө чараларын мыйзамсыз деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости