www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу кылмыш иштери козголгону тууралуу маалымат чыкты. Ишин уланта береби?

- Доскул Бекмурзаевге мурунтан эле иш козголуп жүргөн. Кечээ да башкы прокуратура тарабынан маалымат чыкты. Анда “2021- 2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары, министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, “Теплые ключи” саламаттыкты чыңдоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген” деп жазылган маалыматта.

Энергетика тармагы коррупцияга өтө малынган тармак деп эсептелет. Ошонун негизинде энергетика министри таза болушу керек эле. Өзү жоопкерчиликтүү болуп, коррупцияга малынгандардын баарын аныктап, жазалап, иш алып баруусу шарт эле. “Мен коррупция менен күрөшөм, энергетика тармагында реформа жүргүзөм” деп айтып жүрөт. Доскул Бекмурзаевдин ишке келгенине бир жыл үч ай болду, бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок. “Тарифти төмөндөтөм” деп айтып жүрдү. Бул туура эмес. Тарифтен тышкары дагы коррупция тууралуу сөз болушу керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Тескерисинче, энергетика министри коррупция менен күрөшпөй эле коррупциянын башында туруп жатат. Министр өзү коррупцияга малынып, зыянын келтирип жатса, орун басарлары, башка ишканаларынын жетекчилери эмне болот? Аларга Кудай берди да. Мына ушундай иштери менен шектелип жатса, мындан ары иштегенге кандай акысы бар? Кайсы аброю калды?

Президент менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аны убактылуу кызматынан четтетиши керек. Антпесе болбойт. Кызматынан пайдаланып, көп документтерди жокко чыгарып, бурмалап коюшу мүмкүн. Ошол негиздүү тергөө амалы бүтмөйүнчө, сот чечим чыгармайынча, кызматтан четтетүү зарыл. Коррупция менен күрөшө турган жерде өзү шектелип жатса, кандай күнгө туш болдук?.. Карышкырга кой кайтартпайлы. Кызматынан кетсин!

Булак: Азия News гезити

Последние новости