www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Жолугушууда Батыш президенттикке талапкер даярдап жатканын, ага Сариев өз талапкердигин коюп жатканы тууралуу сөз болду. Андан тышкары Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бизнес жаатындагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда тыгыз кызматташуу сындуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанда бизнес багытындагы локомотив мекемеге айланышы керектигин белгиледи. “Буга чейин коомчулукта палатага карата бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Жетекчиликке сиздин келишиңиз менен ири реформалар башталып, өнүгүү болот деген ишеничтемин. Палата мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп, сырттан келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл. Жогорку Кеңеш Соода-өнөр жай палатасы менен тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууда кызматташууга даяр”,- деди төраганын орун басары.

Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев палатанын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, жылына бир жолу Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган фракция лидерлери менен бизнес чөйрөсүнүн ачык жолугушуусун уюштурууну демилгеледи. Мындан сырткары Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын стратегиялык планы иштелип чыгып, алдыдагы күндөрү аны ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна келерин белгиледи. Соода-өнөр жай палатасы – Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм, курамында азыр 1400дөй ишкана-фирма бар.

Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын  Соода өнөр-жай палатасынына барып Президенти Норберт Ауст менен жолугушту. Жашыруун болсо да айта кетели келечекте президент катары Темир Сариевдин талапкерлиги каралып жатат. Бул Батыш, Еврошаркет боюнча тандалган талапкер болушу мүмкүн. Алардын оюу боюнча жакында Орусиянын ташын талкан кылат да, Орусия менен өнөктөш мамлекеттердин башчыларын алмаштырат. Темир Сариевдин талапкерлиги да Германияда каралып жатат.

Андан тышкары жолугушууда элчи Текебаев тарабынан энергетика, туризм, өнөр-жай жааттарында Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору сунушталды. 2023-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин Гамбург шаарына иш сапарын уюштурулган. Ошондон бери Темир Сариев сыноодо. Жакында 2023-жылдын күз айларында Кыргызстан менен Гамбург шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес форуму өтүп Темир Сариевдин ирбити өсөт.

Кыргызстандын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элерлинг жана Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Ардактуу консул Кристоф Крошке менен Текебаевдин жолугушуусу болду. Албетте президентке жана канцлер Шольцко жетпесе да Текебаев тайталактап атат. Булар менен сүйлөшүүлөрдө да Темир Сариевдин президенттикке талапкерлиги каралып жатат. Шылтоо мындай 2023-жылы кыргыз-герман Ишкердин кеңештин жыйынын өткөрүү маселелери талкууланымыш болуп жатат. Карл Элерлинг Кыргыз-герман ишкердик кеңештин тең-төрагасы катары 2023-жылдын күзүндө бир катар герман ишкерлеринин конкреттүү инвестициялык долбоорлору менен Кыргызстанга барарын маалымдады. Балким бул немец Темир Сариевдин талапкерлиги боюнча бищге чалгын жасап жаткандыр.

Текебаев «мен текемин» деп текеберленип, «атыңды өзгөрт», «эр болсоң куруңа асынып ал», - деп төш каккылап, публикага ойногону бүгүн көрүнбөйт да, угулбайт. Асия Сасыкбаева камалып каларын туюп турса дагы, өзүнүн эркиндигин, жашын тобокелге салып, Өмүрбек Текебаев камакта жатканда анын боштондугун талап кылып митингдерди уюштуруп, буту жерге тийбей чырылдап жүрдү эле. Өмүрбек Текебаев төрдө, ал эми Асия Сасыкбаева түрмөдө. Ушул айды эсепке алганда «Ата-Мекен» партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири, ардагер мүчөсү көптөн бери аял башы менен камакта жатат. «Өткөндү эстебей, эртеңди эңсебе» деген кыргызда накыл кеп бар. Башыңа мүшкүл иш түшкөндө кимдин ким экенин билесиң, же досум көп деп мактанба, тас экениңди акыр бир күн сезесиң деп бекеринен айтылбаса керек. 

Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Сарпашев, Жапаров сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аянтынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен.
2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы чыккан элге ок чыгарган кайгылуу күндү ким билбесин. Ырас, чырактай болгон алты баланын өлүмүнө алып келген бул окуя кыргыз элинин акыйкаттыктан тайбастыгын, үй-бүлөлүк башкарууга таптакыр көнбөй тургандыгын ырастаган күн болгон. Бирок, жең ичинен алчусун алып койгон ошол учурдагы кыргыз бийлиги Үзөңгү-Куушту баары бир Кытайга өткөрүп берген.

Эми ушул Кыргызстанга, кыргыз элине карата жасалган чыккынчылыкка кимдер кол кабыш кылганын жакшы билебиз. Себеби, ал кыргыздын жерин Кытайга берүүгө «макул» деген добушун бергендердин тизмеси бар. Бирок, кыргыз элине чыккынчылык кылгандар көрсө булар эле эмес экен. «Каршы» деген добушун берип туруп, өздөрүнүн жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине кол кабыш кылгандардын жүзү эми ачылат окшойт. Болгондо да ар дайым акыйкаттык үчүн күйүп-жанып аткандай түр көрсөткөн Темир Сариевдин бул жердин Кытайга кетишине салымы бар экендигин ушул күнгө чейин карапайым элибиз билбей келген тура.

Окуя мындай болгон. Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү маселеси парламентте каралып атканда эртең эл алдында жүзүм жарык болсун дегендер таптакыр добуш берүүдөн баш тартышкан. Албетте, Акаевдин бийлигине кошоматтангандар «макул» деген добушун беришкен. Ошолордун арасында матырайып Темир Сариевдин жүргөнүнө жол болсун. Бул эмгеги үчүн сыйлыкка Темир Сариев Бишкек мэриясынын айланасындагы Белинский көчөсүндөгү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки эң зор баалуу аймакты энчилеп алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

 

Последние новости