www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын бийликтери аскерлердин бир бөлүгүн Беларус менен чектешкен чек арага жайгаштырарын жарыялады. Мындай чечим "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери Беларуска келгенден кийин жана ал жакта машыгуулар болоору айтылган соң кабыл алынганын Euronews кабарлады.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки: “Беларуста көбөйүп жаткан "Вагнер" тобу Польша үчүн, НАТОнун чыгыш канаты үчүн өсүп келе жаткан коркунуч болуп саналат”, - деди.
Москвада Варшаваны Львовду жана Украинанын бир бөлүгүн басып алууну каалайт деп айыпташты. РФ президенти Владимир Путин Белоруссияга каршы агрессияны ачуу Россия Федерациясына болгон агрессияны билдирет деп билдирди.
Польша бийлигинин маалыматы боюнча, Минсктен 80 чакырымдай алыстыкта "Вагнердин" миңден кем эмес жалданма жоокерлери жайгашкан.
Булак: NazarNews.kg