www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эдил Байсалов
Эдил Байсалов принцибин жоготуп Акылбек Жапаровдун кабинетинде иштейт деген түшкө да кирбеген окуя. Анткени канча ирет Жапаров бийликте, Байсалов оппозицияда жүрүп элди жарытышкан жок. Атамбаевдин убагында НПОну жетелеп, Жээнбековдун убагында Улуу Британияны жетелеп, президенттин жалдырап бут алдында жүрүп, революция болоор замат, терисин тескери жамынып, «Улуу революционерге» айланып, дардалаңдап жүргөндүгү үчүн Байсалов Эдилге «Дардаңпоз», «Эдичка» кличкасы коюлган.
«Адъютант»
Эрбол Султанбаев
Эрбол Султанбаев жаш кезинен «Зомби» болуп тарбияланып, атасы журналисттердин «шефи» Султанбаев «дистанционный пульт» менен башкарып өскөн. Кийин пультту Атамбаевке, андан соң Жээнбековго берген, эми пульт эмки бийликке өттү. Ким бийликке келсе да «египеттин мумияларындай» болуп, үн катпай, бирок «кошоматчылардын генералиссимусу» наамына чейин жеткен Эрбол Султанбаев да азыркы президентке арзыматчылыгы менен көңүлүнө жакты. Бул бийлик Эрбол Султанбаевдин атасы алып келген бийлик эмес. Ушул «чычканга кебек алдырбаган» Эрбол Султанбаев окшогон кошоматчылар көптүргөн Атамбаев , а.дан кийин Жээнбеков тургандагы бийлик. Азыр карасак ал жерге бүт эле АШАнын кошоматчылары толуп алды. Шефи да Атамбаев, Жээнбеков жеп бөлүнбөйлүчү деп туруп, алды, кекиртектен тойгондорду «күчү-күчү» деп ээрчитип. Кыргызстандын башкаруу бийлиги деген кечээки Кокон хандыгынын ордосу эмес да. Ханды кетирип же өлтүрүп коюп ордодогулар оюн сала беришкендей. Бирок, колу чүрүш Эрбол Султанбаевге окшогондор Ак үйдү Кокон ордосуна окшоштуруп баратат. Анын үстүнө ошол жакта кокондуктарга тиешеси бар адамдар көп, толкуй турган тоолуктарды унутту.
«Рейхсфюрер»
Улан Ниязбеков
(Бекбекейден)
Ийнемдин учун майтардым,
Бүгүн да Ак үй кайтардым.
Ийнемдин учун түзөттүм
Митингди бүгүн күзөттүм.
Балтамдын учу долоно,
Бандиттер мында жолобо.
Бандиттер келсе уштайбыз.
Башын жара муштайбыз.
Ак үйдүн учу таман жол,
Кайтарган бийлик аман бол.
Террорист келсе уштайбыз,
Бетин жара муштайбыз.
Төөгө чиркеп байлабыз,
Төбөгө чаап айдайбыз.
Ак үй жакты этектеп э-эээ-ээ-эй,
Мен коноюн Бекбекей.
Президент тонуна э-ээ-ээ-эй,
Жең болоюн Бекбекей.
Койдун сүтү коргошун э-ээ-ээ-эй,
Коррупция оңбосун.
Эчкинин сүтү эрменде э-ээ-ээ-эй,
Элди жеген шерменде.
Бекбекей айтып Улакең э-ээ-ээ-эй,
Митингден бийлик коргойт.
Ак үйдө эл башкарган э-ээ-ээ-эй,
Президент кимди ойлойт?
Салянова Аида
«Жезкемпир»
Салянова Аида кемпир деле эмес. Бирок жаш туруп жазаган иштери жезкемпирди жерге калтырат. Ал Башкы прокурор болуп турганда «жезкемпирлик» кылып далайлардан көз жаш тамызган. Бийлик “сал, сал, сал билек”-деп эркелетип “салбилек” кылып жүрчү билектүү «салбилек» Салянова деген кызыбыз учурунда прокуратураны чарк айлантып турган. Азыркы бийликте тургандарды чычканды ойноткон мышыктай алаканына салып, камерага эч күнөөсүз тыгып да салчу. Кыргызстанды дүңгүрөткөн Азиз Батукаевди бошотууда эмгеги сиңген. «Айран ичкен кутулат,челек жалаган тутулат» дегендей Батукаевдин иши боюнча камалып, кандайдыр бир себептер менен камактан бошотулган. Ал эми ушул иштер боюнча Алмазбек Атамбаев тутулуп жүрдү.
Бир кездеги фракция жетекчилеринин “дандуусу” Бабанов бийликчил депутаттарды топтоп түлөөгө чакырат. “Түлөөнү эмнеге багыштап берип атасыз?”-деген суроого, ал: «Түшүмө Аида Салянова кириптир, кудай андан алыс кылса экен деп түлөө өткөзүп жатпаймбы”- деген имиш. Ооба, Аида Салянова депутаттардын жана башка атка минерлердин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүргөн. Кылмышкерлерге кылмыш козголсо мейли, бирок “саясий кине” коюп, Жапаровго, Ташиевге, Мамытовго, Келдибековго кылмыш ишин козгогону кандай? Салянованын кылмыш ишин козгоо боюнча чыгарган токтомунун өзү туура эмес экендигин эксперттер айтышкан.
«Желмаян»
Касымалиев Адылбек
Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед» - Касымалиев Адылбек. Боконосу ката элек убакта партия заманы өтүп кетти. Атамбаев заманында «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койду. АШАга жүгүнүп минфиндеги «кошелогуна» айланды. Өзү жалгыз жүргөн жок бир үйүр досторун коштой жүрдү. Азыркы бийликтин алдына жата калып, ушул кезге чейин турган жок. Башкалардын бары, ал эмес «Арзыматтардын атаманы» Бабанов да да тажап туруп кетти. Жөн жаткан жок «ааламдын падышасын» мактап, «Жыландан жүн кырккан, бүргөдөн май сызгырган» жакындары менен, оппозицияга тиш кайрап, сес көрсөтүп акча чачып турду. Элге батпай калган «Желмаян» жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүрүп, ташы өйдө кулаган Ташиев аны мурдунан жетелеп алган. Мурунтугун эмгиче чече элек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg