www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Милициясы» аталышындагы толук түстүү, 64 беттен турган журналы бар. Ар квартал сайын жарык көрүп келет. Аталган журналга ИИМ тармагында жана журналистика жаатында атан-төөдөй кадырлуу, эмгеги сиӊген кадимки МЕДЕТ, же тагыраагы, ИИМдин Басма сөз кызматынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын капитаны Иманакунов Медетбек Абдылдаевич баскан жолу тууралуу баяндап, жан дүйнөсүн жар салды. Чогуу окуйлу…
Ийгилик эмгектен жаралат...
-Милиция тармагына аралашканча теле жаатында эмгектенгем. Ички иштер органдарынын катарына 2000-жылдары келдим. Кыргыз телерадио берүү корпорациясында иштеп жүргөн мезгилимде КР ИИМдин Басма сөз кызматында иштеген арыкчырай, узун бойлуу, татынакай, саркеч кийинген Ырыс Сагымбаева эже КТРге келип, кесиптешим Урматка материалдарын монтаждатып келип-кетип жүрчү. Бир күнү мага ИИОго кызматка кирүү сунушу менен Ырыс эже кайрылып, Басма сөз кызматынын начальниги, ыраматылык Жолдошбек Бузурманкуловго жолуктуруп, эркин жалданма кызматында эмгектенип калдым. Убакыттын өтүшү менен КР ИИМдин жетекчилигинин сунушу аркылуу ИИОнун аттестацияланган курамына өттүм. Андан бери далай суулар акты. Ачуу-таттуу көп иштерге күбө болдум. Ийгиликтерге жеттим.
Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2 жолку ыраазычылык катына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин көптөгөн ведомстволук сыйлыктарына татыдым. 2010-жылдагы Ош коогалаңында көрсөткөн эмгегим үчүн “Каармандык” медалы менен сыйландым. Айтор, эмгегимдин үзүрүн көрүп, бүгүнкү күнгө чейин жигердүү эмгектенип келем.
Замандан артта калбоо биздин милдет...
-Мезгил агымы күн санап жаңылыктарды, ачылыштарды жаратууда. Бул ыргактан калбоо үчүн ИИМдин Басма сөз кызматы ар дайым изденүүнүн үстүндө десем жарашат.
Ааламдашуу доорунда дүйнө жүзүндө кылмыштуулуктун саны өсүп, түрлөрү көбөйүүдө. Ага туруштук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги дагы жаңылануунун, санариптештирүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуу аракетинде. Анын ичинде Басма сөз кызматы дагы санариптешүү менен калкка жаңы ыкмадагы алдын алуу иштерин жүргүзүү, коомчулук талап кылып жаткан ачык-айкындуулук принциби менен ыкчамдуулук, тактык жана жаңычыл көз караш менен иштөөнү колго алдык. Былтыр ички иштер министри Улан Ниязбековдун колдоосу менен ИИМдин Басма сөз кызматы мамлекеттик органдардын ичинен эң алдынкы техникалар менен камсыздалып, жаңы студия бөлүмү ачылды. Биз да ИИМ жетекчилигинин ишеничин актап, милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени чыңдап, жарандардын укуктук маданиятын көтөрүү, жарандар арасындагы кылмыштуулук менен укук бузууларды алдын алуу, ИИМдин ишмердүүлүгүн ЖМКда сапаттуу чагылдыруу боюнча иштерди жасаганы жатабыз. Жакынкы арада ИИМдин Басма сөз кызматынын Студия бөлүмү толук кандуу ишке кирип, ички иштер органдарындагы орчундуу окуялар, кылмыштуулуктун абалы жана милициянын жараткан ийгиликтери, эл аралык кызматташтыктын бекемделиши, реформанын жүрүшү тууралуу жаңылыктарды чыгаруу үстүндө иштеп жатабыз. Кызматкерлерибиз облустарды, алыскы райондорду кыдырып, репортаждарды тартып келгени жатат. ИИОго тиешелүү жаңылыктарды жеринен чагылдырууну көздөөдөбүз. Алдыдагы милдеттерди жана максаттарды аткарууга биздин материалдык-техникалык каражаттарыбыз дагы, кызматкерлерибиз дагы жетиштүү десек жаңылышпайбыз.
Эргүү, жоопкерчилик, изденүү...
-Журналистика мен үчүн чыгармачылык эргүү, чексиз изденүү десем болот. Себеби, жумуш өзүнчө бир эргүү менен чыгармачылыкты жана милдетти, жоопкерчиликти талап кылат. Изденип жатып, өз ишиңден ырахат алып жашасаң да болот. Журналист бир гана жазып эле койбой, аны терең изилдеп туруп, тууралыгына, аныктыгына, ырастыгына көзү жетип, окуяны бир тараптуу бербеши керек. Бирөөнүн тагдырына балта чаппагандай деңгээлде, сөздүн күчү менен калемдин курчтугу шайкеш келиши керек. Журналистика бул – оор кесиптердин бири. Анын түйшүгү көп десе да болот. Ага чыдаган адам гана бул кесиптин өтөөсүнө чыга алат. Журналисттик кесипти сүйгөн, анын түйшүгүнө чыдаган адамдар гана чыныгы журналист боло алат. Журналист жөнөкөй адамдардан тартып, жогору турган катмарлардын баары менен түз сүйлөшө алган, элдин ортосундагы байланышты камсыз кыла турган кесип.
Эң негизгиси калпыстыктан алыс болуп, башкалардын ишине кийлигишпей, бардык укуктук ченемдерди сактоого милдеттүү.
Демек, журналистика - бул бүтүндөй жашоо! Кыскасы, журналист өзүнүн кесибинде курч сөздү курал кылып, анан аны этияттап колдонушу керек.
Журналисттин куралы – сөз...
-Бүгүн сөз - эң чоң куралга айланып, олуттуу күчкө ээ болуп жаткан учуру эмеспи. Андыктан бүгүнкү ЖМКлардын саясий маданияты заман талабына шайкеш келиш керек. Сөздүн күчү азыркы учурда абдан маанилүү курал болуп саналат. Анткени илгертеден кыргыз эли сөздүн күчүнө, маанисине терең түшүнүү менен мамиле кылган. Мисалы, “Сөз адамды бийиктикке көтөрөт, сөз адамды башын кесип өлтүрөт”, “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” - демекчи, мындай макалдарда сөз кадыры тууралуу таамай айтылган. Демек, сөз менен адамдын көңүлүн алып да, чөктүрсөң да болот.
Бүгүнкү күндө бардык ЖМКлар өз милдеттерин жакшы аткарууда дегенден алысмын. Айрым кесиптештерибиз тарабынан аша чаап, кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай алешемдиктерге жол берип койгон учурлар кездешет. Чыныгы журналисттер мындай кемчиликтерди оңдоп, маданияттуулук менен өз ишин мыкты деңгээлде аткарышса деп ойлойм.
Сөз менен иш айкашпаса натыйжа болбойт...
-Адамды сүйлөгөн сөзүнө караганда аткарган иштери аркылуу баалоо керек деп ойлойм. Анткени, кургак сөз аркылуу эч нерсе чечилбейт. Ошондуктан, ким болсун өзүн сөз менен эмес, иш менен көрсөткөндө гана эмгеги бааланат. Ал эми аракет кылып, бир нерсени жасоого умтулган адам ийгиликке жетүү үчүн бир кадам жасаган болот. Жашоодо эмгеги менен таанылган адамдар абдан көп. Эмгек гана адамды өстүрүп, бийиктикке жетелейт.
Тирүүлүктүн туткасы– ишеним...
-“Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең - жагымдуу, эски досторуң – ишенимдүү”-дегендин чындыгы бар. Турмушта адам канчалаган оор сыноолорго туш болуп, анан ошол турмушунда чыныгы такшалган адамдар менен мамиле кылат.
Демек, кыргыз элинин макалдарында абдан туура айтылган ойлор жатат: “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт”-дегендей чындыгында достор терилип отуруп жашоодо эски достор санаалаш, мамилелеш, кадырлаш адамдар катары жеңилиңди жерден, ооруңду колдон алгандары калат. Ошондуктан эски достор ишенимдүү болушат. Ал эми китепке келсек, кызыктуу жазылган китепти эчен ирет барактап окусаң да сырдуу, табышмактуу сыяктуу болгонсуп, адам баласын өзүнө тартып турат. Мисалы, Айтматовдун чыгармаларын кайра-кайра барактап окугуң келет. Анткени жазуучу өмүр бою адам баласына керектүү, түбөлүктүү темалар тууралуу баяндап жазган.
Кубаныч Зайнидин, Кыргыз Милициясы журналы