www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек Келдибеков: Шербет

Шербет бала кезинен акындардын мухитине чумкуп, камчы салдырбай таланттар дүйнөсүнө аралашып кеткен. Шербеттин бир туугандары бүт таланттуу, «чымыны» бар же Акылбек Рахманов айткандай «чымын чепуха көгөнү бар» адамдар эле. Айрыкча Сиезбек. Сиезбек теңтуш туугандары менен ыр жазышып сүйлөшөр эле. Биз бала кезде сакмалга кат,сугатка кат дегендер ырлар болор эле. Шербет мамлекеттик деңгээлдеги акын болгондуктан Сиезбек жана башка бир туугандарынын жазгандары ачылбай кетти. Зор таланттар көмүскө кетти. Бир гана обонун Матыбек Болотбеков чыгарган «Карой» деген ыр калды. Шербет ошол кездеги залкар акын, жазуучулар менен байма-бай жолугушуп турган. Эсимде 1970 жылдардын башында Нинакан Жүндүбаеванын үйүнө барганыбыз. Мени ээрчитип алганы үчүн эсимде калды, өзүнүн Назира Аалы кызы тартып калган видеолорунда көп адамдар менен жүргөндөрү сүрөттөлөт.

Шайлообек Дүйшеев Шербет Келдибековадан бир эле жаш кичүү болгон. Бирок ошол кездеги сыйды эске алып бир да жолу «Шербет» деп айткан жок, бир жаш кичүү болсо да өлөөр өлгүчө «Шербет эже» деп келди. «Кербен» деген акыркы китебине таланттуу акын, жазуучу Шайлообек Дүйшеев баш сөз жазып Шербет Келдибекованы башкалардан айрымаланып турган өтө уникалдуу таланты бар деп баса белгилеп кеткен.

Азыр да акын, жазуучу Шайлообек Дүйшеев коомчулук менен аралашып өз ой-пикирин айтып келет: "Бизге жакында Кеминден Темир Жусубалиев деген жигит келди. Кезинде Политехникалык институтту бүткөн, жогорку билимдүү, техникалык адис экен. Биздин кыргыз тилинин мамлекеттик даражага ээ болгонунан бери 30 жыл өтпөдүбү. Ошол жигит отуз жылдан бери атасынын фамилиясын Джусубалиевден Жусубалиев кылалбай убара болуп келатыптыр. Ал учурунда ЗАГСка да барат, паспорт берүүчү мекемеге да барат. Каттоого да барат. Бирок эч кандай жыйынытык чыкпайт. Джусубалиевден дегенди Жусубалиев кылып оңдоп бергилечи деп, паспорт берчү мекемеге барса, ал жердеги кызматкер аял айтат: "Бизге Жогору жактан көрсөтмө болмоюн жасай албайбыз" деп. Эми суроо туулат, анда жанагы кылмышкерлер, же башка өлкөлөрдүн жарандары кыргыз паспортун Жогору жактын көрсөтмөсү менен сатып алып, пайдаланып жүрөбү? Анан дагы, ал Темир Жусубалиев айтып жатпайбы, мага ошол паспорт үстөлдөгү ал "Тил комиссиясынын мүчөсүмүн" деп айтты дейт.

Ошентип ал далай убаракерчиликтен кийин жана өзүнүн айтканынан кайтпаган көктүгү менен араң дегенде өзүнүн фамилиясын Джусубалиевден Жусубалиев кылып өзгөрүптүр. Мага ошону айтайын деп келип, айтып берди. Андан жөн эле "Ж" дегенге орустар жабыштырып салган "Д" тамгасын алып ташташ үчүн акча талап кылган экен. Акчасын төлөп туруп оңдоттум дейт.

Бизде Өмүралиевдер, Умралиев, Көөдаев дегендер, Коодаев же Куудаев болуп алгандар канча жүрөт? Мына биздин кыргыздардын өзүнүн эне тилге жасаган мамилеси Ал эми аты-жөнүбүздүн аягындагы "ОВ" менен "ОВАны" жөн эле коелу.

Тажикстандын президенти бир эле күндө Рахмоновдон "РАХМОН" болуп өзгөрдү эле, эртеси бүтүндөй тажиктер өзгөрдү.

Муктаждык түзүлмөйүн, зарылдык болмоюн, тил ойдогудай сүйлөнбөй кедерине кете берет. Тил комиссиясынан миң комиссия түзсөк да эчтеке чыкпайт. Ал эми жыйындарда тилибиз тилибизге батпай, Биздин тил деген Түрк тилдүү элдердин тилинин башында турат, түрк тилдеринин эң эле тазасы, башаты деп мактанганда жаныбызга башка улуттар уялганынан туралбай калат. Анда эмне үчүн Эрдоган сүйлөгөндөй башкалар менен өз эне тилибизде сүйлөшсө албайбыз?

Эмне үчүн үйдө тили кыргызча чыгып кыргызча алданемедей сүйлөп калган бакча жашындагы балдар бала бакчага бара баштагандан кийин теңирден тескери кетип, орусча-кыргызча, чала, тантык тил менен сүйлөп калып жатат?

Бизде мыйзам дегендердин баары, азыр буту менен эмес, башы менен басып калган. Карасаев атабыз жазып кеткен орфографияны уруп ойнобогондор толуп алды. Ката деген кадимкидей норма болду да, 7-кабатка, болгондо да Ак Үйдүн 7-кабатына  жетип, эми андан ашып-ташып жерге төгүлүп, эл-журтту каптай баштады... Мына биздин кыргыздардын өзүнүн эне тилине, аты-жөнүнө жасаган мамилеси.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости