www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда саат 08:21де Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Совет көчөсүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ал жашап келген үй өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 08:21де Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын атайы операциясы аягына чыккандан кийин өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:28де толук өчүрүштү. Өрт кырсыгынын кесепетинен 303 чарчы метр жеке турак жай толугу менен күйгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин жок кылынган террорист үч күн мурун Оштон келип, жергиликтүү тургундан үйдү ижарага алганы кабарланган.

"3 күн мурун ага үйүбүздү ижарага бергенбиз. Ал аялымды алып келип, бул жакта көпкө жашайм деген. Бирок паспортун көрсөткөн жок. Анын ким экенин билбей калдык. Азыр үйүбүз өрттөнүп кетти”,- деген турак жайын ижарага берген адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости