www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жоргоку Кеңештин депутаттары 48 добуш менен Акыйкатчы кызмат ордуна Жамиля Жаманбаеваны шайлашты.

Жаманбаева Жамиля Акматбековна 1977-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститетин "юриспуденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1998 ― Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы;

- 2001-2004 ― Свердлов райондук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун улук жардамчысы;

- 2004-2007 ― Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору;

- 2007 ― Башкы прокуратуранын маалымат катчысы;

- 2007-2011 ― Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун прокурорунун орун басары;

- 2018-2021-жылдары Башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Соңку парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси (№28) менен катышып, бирок мандатка жеткен эмес.

Жаңы Акыйкатчы айтылуу техника илимдеринин доктору, профессор, маркум Акматбек Жаманбаев менен кыргыз телевидениесинин легендасы, диктор Тамара Жаманбаеванын кызы.

Өмүр бою прокурордук кызматтарды аркалап келген Жамиля Жаманбаева Акыйкатчылык кызматты канчалык деңгээлде алып кетет деген ой коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жамиля Жаманбаеванын аталган кызматка талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана "бийликчил" «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости