www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Путинден да көзү ачык Шойгудан керек болсо өлө коркушат. Ошол Шойгу акебиз кичинекей болсо дүйнөдө ядролук куралы бар деп чоочуп турушкан Түндүк Кореяга барды. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар стратегиялык жана тактикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн айрым маселелерин жана эки өлкөнүн улуттук коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташуусун талкуулашты. Буга чейин, 27-июлда Түндүк Кореянын коргоо министри Кан Сун Нам Пхеньянда орусиялык аскер делегациясынын урматына болгон кабыл алууда эл аралык аскердик-саясий кырдаал Түдүк Корея менен Россия Федерациясынын армияларынан АКШнын дүйнөлүк үстөмдүк кылуу стратегиясына каршы турууну жана мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын бекемдөөнү талап кылат деп билдирген. Белгилей кетсек, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган орусиялык аскерий делегация 25-июлда Түндүк Кореяга барган.

Украинага кол салуу алдында шаман Шойгу муну көрө билген, Орусиянын талабы боюнча Европа да газды рубль менен сатып ала баштады. Шойгу айтып жатат кимде-кимге дан керек болсо санкцияларды алып салгыла деп. НАТОго мүчө өлкөлөр арасында Украинага танк менен аскердик учак бербөө жөнүндө жашыруун келишим бар. Бул тууралуу Германиянын DPA агенттиги менен Die Zeit басылмасы өз булактарына шилтеме жасоо менен кабарлады.

Өз булактар НАТО мамлекеттери Украинаны колдоп жатканына карабастан түндүк атлантикалык уюм менен Орусия ортосунда түздөн-түз тирешүүнүн бутасы болуп калууну каалабайт. Буга байланыштуу Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн бергиси келбейт. Документ түрүндө келишим болбогондуктан, НАТО мамлекеттери курал-жарак берүү-бербөө маселесин өз алдынча чече алат. Маселен, Польша Украинага МиГ-29 истребителдерин, Германия брондолгон оор техника берүүдөн баш тартты. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Польша менен Чехия брондолгон техниканы Украинага жиберген, бирок алар совет үлгүсүндө жасалган.

“Орусия батыш үлгүсүндөгү аскердик танктар менен аскердик учактардын жеткирилишин согуш ачуу катары эсептеп, андан соң курал менен жооп бериши мүмкүн деген кооптонуулар бар”, - деп жазды DPA. Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда Германия канцлери Олаф Шольц НАТО өлкөлөрү Орусия менен түздөн-түз тирешүүгө баруудан качарын, ошол эле маалда Украина сыяктуу эле Батыш да “Владимир Путиндин шарттарын” кабыл албай турганын айткан. Буга чейин Шольцтун өкмөтү Орусияга каршы турууда жана Украинага колдоо көрсөтүүдө чечкиндүүлүк көрсөтпөй жатат деп сынга алынган.

Украина батыш өлкөлөрүнөн оор техника сурап жатат, анын көмөгү менен Орусиянын мизин кайтарып, чабуулга өтүүнү көздөйт. Батыштагы бир нече өлкө, анын ичинде АКШ жана Улуу Британия Киевге артиллерия системалары менен абадан коргонуучу техника берген. Дания Украинага “Гарпун” ракеталарын берери айтылды. Анын жардамы менен Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелери бутага алынышы мүмкүн. Израиль танктарга каршы Spike ракеталарын берүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, Израиль Украинага учпай турган аскердик техника гана берүү ниетин билдирди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын өзөктүк курал жаратышы мүмкүн деген реалдуу коркунуч бар экенин билдирди: "Украина ядролук куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жаратат деген реалдуу коркунуч бар", - деди ал ЖККУ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлер кеңешинин жыйынында.

Батыш ЖККУнун ынтымагын ыдыратуу боюнча аракет жасап жаткан учурда Орусия союздаштарына ар тараптуу колдоосун көрсөтөт. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу ЖККУнун коргоо министрлеринин видео байланыш аркылуу өткөн отурумунда айтканын жазды: "Батыш өлкөлөрү ЖККУ мамлекеттеринин ортосундагы союздук алакаларды бүлүндүрүү боюнча максаттуу иштерин жүргүзүп жатат. Биздин союздаштарга кандай басым жасалып жатканын билебиз. Коркутуу, опузалоо, кутумчулук ыкмалар пайдаланылууда. Мындай нерсенин баары ийиндешип иш алып барууну, жасала турган кадамдарды активдештирип жана так координациялап алууну талап кылат. Орусия союздаш өлкөлөргө өзүнүн эгемендүүлүгүн коргоп калууга жана сырттан жасалган кооптуулукту жоюуга көмөктөшүүсүн улантат", — деди Шойгу.

Ал ЖККУнун чек араларында чыңалуунун көпкө чейин жанбай турган очоктору пайда болуп жатканына токтолгон. Мындай шарт жамааттык коопсуздук келишим системасына киргендердин күчүн, каражатын үзгүлтүксүз өркүндөтүп турууну жана так координациясын талап кыларын белгиледи. Андан сырткары, кризистик кырдаалдарга дароо реакция кылуу жана чечим кабыл алуу механизмдерин жакшыртуу туурасында да сөз болду.

Шойгу Орусия Киевди Батыштын колдоп жаткандыгына жана ага жасалган басымдарга карабай Украинадагы атайын операциясын улантарын белгиледи:  "Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинага чабуулу жөнөкөй жарандардын эвакуацияланышына мүмкүнчүлүк бериш үчүн жай жасалып жатат. Батыштын Киев бийлигине берген масштабдуу жардамына, Орусияга жасаган санкциялык басымдарына карабай бардык милдеттер аткарылмайын атайын аскердик операцияларыбызды улантабыз", — деген ал.

Министр Украинанын өзөктүк курал түзүүсү жана ага каражат жеткирип берүү жаатында чыныгы кооптуулук жаралгандыгын кошумчалады.

 НАТО Орусия Федерациясынын чек араларына жакындап, Вашингтон мурда иштеп келген коопсуздук архитектурасын жок кылууга багыт алды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коргоо министрлер кеңешинин жыйынында билдирди: "АКШ азыркы эл аралык коопсуздук архитектурасын толугу менен демонтаждоого киришти, аны антиракеталык коргонуу системасын глобалдык жайылтуу менен орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталык системаларды өнүктүрүү менен коштолду", - деди Шойгу.

Орусиянын Коргоо министринин айтымында, НАТО Орусия Федерациясынын чек араларына жакындап, өзүнүн согуштук дараметин улам арттырууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости