www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Камиль Рузиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылында мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар зордукталганын Twitter баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Бул жашы жете элек балдардын кошуна жашаган агасы болуп чыкты.
“Түп районунун Чоң-Таш айылында үч кыз зордукталган, алардын экөө мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек. Шектүү кармалып, Каракол шаарындагы СИЗО-3 абагына камалды”, — деп жазган Камиль Рузиев.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Бул ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Камил Рузиев өзү облус жетекчилигине жана Акыйкатчыга кайрылган.
Трое девочек, двое из которых были несовершеннолетними с инвалидностями, были изнасилованы в селе Чон-Таш Тюпского района. Насильник задержан и содержится в СИЗО-3 Каракола. Обратился полпредам Президента и Омбудсмена области. Ранее девочка с ДЦП была изнасилована в этом районе
— Kamil Ruziev (@kamilruziev) July 25, 2023
Булак: NazarNews.kg